Домой Дүйнөдө Казакстанда коронавирустан бир адам көз жумду

Казакстанда коронавирустан бир адам көз жумду

5

Учурда коңшу мамлекетте төрт адамдын абалы оор. Жуктуруп алгандардын саны жүздөн ашты.

Казакстандын Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында 28-марттан тартып карантин чаралары күчөтүлөт. Аларга ылайык, шаар тургундарына үйлөрүнөн азык-түлүк, дары-дармек алууга жана жумушка барып келүүгө гана уруксат берилет. Бардык сейилдөөчү жайлар, балдар аянтчалары жабылат. Коомдук транспорттун жүрүшү чектелет. Үч кишиден ашуун жолуугуга тыюу салынат.