Домой Коом Казакстанда бир аскер кызматкери коронавирустан көз жумду

Казакстанда бир аскер кызматкери коронавирустан көз жумду

41

24-апрелде Казакстандын Мангыстау облусунда коронавирустан 40 жаштагы бир аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу аймактын башкы санитардык дарыгери Ергали Сыдыманов жума күнү билдирди.

Анын айтымында, Мунайлы айылынынын 1980-жылы туулган тургуну Актау шаарындагы дезинфекциялоо иштерине катышкан. Ал 20-апрелде дене табы көтөрүлүп, тамагы кычышкандыктан ооруканага кайрылган. Рентген анын өпкөсүндө пневмония бар экенин көрсөткөн. Маркум коронавируска байланыштуу эки жолу тесттен өткөнү, акыркы анализинен вирус аныкталганы белгилүү болду.

«Анын үй-бүлөсү бар, беш баланын атасы. Аны менен байланышта болгон адамдар карантинге алынды», – деди Сыдыманов.

Облустук башкы санитардык дарыгердин айтымында, көз жумган адам аймактагы аскердик бөлүмдөрдүн биринде иштеп келген.

Ушуну менен Казакстанда өпкөнү сезгенткен коронавирустан баш-аягы 20 киши каза болду. COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 2370 кишиден ашты.