buy clonidine in united states.
Кыргызстанда өткөн жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына таасир этүү максатында казак бийлиги 10-октябрдан тарта кыргыз-казак чек араларындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттериндеги көзөмөлдү күчөткөнү белгилүү. Муну казак лидери Н. Назарбаев президенттикке талапкер Ө. Бабановдун шайлоодо көбүрөөк добушка ээ болушун камсыздоо максатында жасаганы жашыруун деле болбой калган.
Ошентип шайлоо өтүп, анын алгачкы жыйынтыктарына ылайык казак бийлиги колдоо көрсөтүп аткан талапкер КСДП партиясынын бирдиктүү талапкеринен ат чабым аркада калганы маалым болду. Ошентсе деле Казакстан чек арадагы көйгөйлөрдү чечүүгө шашылбай келет. Мындан эки өлкөнүн карапайым жарандары, ишкерлери гана жапа чегүүдө.
Ошондон улам Кыргыз өкмөтү кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун катчылыгына расмий кайрылуу жолдоду. Муну өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу маалымат булактарына билдирди. Ал кайрылууда Казакстан аталган уюмдун тариф жана соода боюнча негизги, башкы нормаларын жана уюмду негиздөө жөнүндөгү макулдашууну бузганы белгиленген.
«Кыргызстан Казакстан сыяктуу Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун толук кандуу мүчөсү катары өз укуктарын уюмдун алкагында коргойт», — деп жазылган расмий кайрылууда.
Мындан тышкары ушул эле 17-октябрда Кыргызстандын Экономика министрлиги Казакстандын үстүнөн ЕАЭБ комиссиясына да кайрылды. Кайрылууда Казакстан тарап аталган биримдиктин нормаларын сактабай жатканы белгиленген.
Ошентип Кыргызстандын көз карандысыздыгына шек келтирип, өздөрүнүн «шестеркасын» бизге башчы кылуу максатында чек ара көйгөйүн атайылап жасалма жол менен жараткан Казакстан бийлигине эми Бүткүл дүйнөлүк соода уюму жана ЕАЭБ жакынкы күндөрү чара көрүшү керек.