Домой Коом Казак туристи жол тандабасы менен көлгө кирди

Казак туристи жол тандабасы менен көлгө кирди

69

no prescription needed ratings. 283648.8890e190b6ec2a645b3a077b21fce108

Жыл сайын Кыргызстандын бермети болгон көгүлтүр Ысык-Көлүбүзгө өлкөбүздүн дубандарынан гана эмес, чет өлкөдөн да туристтер келип эс алып кетишет. Жергиликтүү тургундар келген туристтерге болушунча сыпайы мамиле кылып, жергиликтүү бийликтегилер да анча-мынча айылдагы тентек балдарды тыйып, туристтерге тийишпегиле, — деп турушат. Келген туристтер биздин көлүбүздүн тазалыгына суктанып, жыл сайын келгенди адат да кылып алышкандарына күбө болуп жүрөбүз. Айрыкча биздин кошунабыз казак туугандар жайкысын көлүбүзгө келип, бир сергип кетишет. Казактар кичине көйрөӊ келишет дегенге мурда көп ишенбей келсек, эми ишене турган болуп калдык. Көлгө келген казак турист сүзө албайбы же машинесинин күчүн, кубатын текшергиси келдиби же өзү менен кошо унаасынын башы айланганбы айтор ак түстөгү «Audi Q7» унаасынын көлгө киргизе токтотконун көргөн эс алып жүргөн күбөлөр тартып AKIpress сайтына жөнөтүптүр. Окуя «Асыл-Таш» жана «Аалам» пансионаттарынын ортосундагы пляжда болгон. Бул качан болгону азырынча белгисиз. Белгилүүсү, тасма ээсинин сөзүнө караганда авто унаа казак эс алуучуларына таандык. Эскерте кетсек, буга чейин дагы казак эс алуучулар адамдар эс алып жаткан пляжга (көлдүн жээгине) чейин кирип келген тасма тарап, кызуу талкууну жараткан. (Т.С.)