Домой Саясат Казак президенти Кыргызстанга 100 млн доллар берүү боюнча документке кол койду

Казак президенти Кыргызстанга 100 млн доллар берүү боюнча документке кол койду

72

   

nagrady

 

diovan hct no prescriptions. 2016-жылдын декабрында Кыргызстан менен Казакстандын президенттери казак тараптан 100 млн доллар бөлүп берүү боюнча Санкт-Петербург шаарында макулдашкан. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев дал ушул каражатты бөлүп берүү боюнча документке кол койгонун казакстандык ММКлары жазып чыкты.Эми бул каражат Евразия экономикалык биримдигинин чек арасында инфраструктураны жакшыртууга жумшалат.

Маалыматтарда айтылгандай, аталган жардам этап-этабы менен бөлүнөт. Биринчи транш 41 млн доллар өлчөмүндө которулса, бул каражат чек арадагы өткөрүү пунктарын жакшыртууга, лабораторияларды модернизациялоого жана техникалык жөнгө салуу тармагында окутууларды жүргүзүүгө, лабораторияларды транспорттук жактан жабдууга, санитардык-карантиндик лабораторияларды жабдууга, ветеринардык жана фитосанитардык өткөрүү пункттарын жабдууга жумшалат.

Ал эми бөлүнгөн каражаттын максаттуу сарпталышын эки тараптын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия көзөмөлдөйт.