“Өлкөдө Нурсултан Назарбаевдин каза болгону боюнча маалыматтар тарап жатат. Ал бир нече айдан кийин 80 жашка чыкмак. Бул жашоодо баары болушу мүмкүн. Келгиле, эгерде ал каза болсо, мамлекетте эмне болуш керектигин элестетип көрөлү. Эгер бул маалымат чын болсо азыркы президент Токаев эмне кылышы керек?
Токаев жөнүндө өтө жакшы, баарын кыйратат, өзүнүн кызматын сактап кала алат деп эч ким айта албайт. Мындай учурда Дарига менен Тимур Кулибаевдин бийлик талашуусу сөзсүз күтүлөт. Эгерде Дарига президент болгусу келсе, Токаевди тез аранын ичинде кызматтан кетириши абзел. Андай кылбаса, Өзбекстандын каза тапкан президенти Каримовдун кызы Гүлнаранын тагдырын кайталап, Назарбаевдин баардык үй-бүлө мүчөлөрүн түрмөгө салып, үй мүлкүн конфискациялаган учурлар кайталанбайт деп айтууга болбойт.
Тимур Кулибаевдин кызматка келиши –Назарбаевдердин баарынын иши бүттү дегенди билдирет. Булардын ичинен бир гана Динара Кулибаева, Тимурдун мурунку жубайы Женевада тапкан байлыгы менен жашай берүүсү мүмкүн. Бул абалга жеткирбей, өзүнүн таасирин сактап калуу үчүн Дарига Токаевди кызматтан алып, ар кандай ишке барат. Эки тарап тең азыркы президентти кызматтан алуунун амалын издейт. Жада калса Токаев Кулибаев менен биригип кетсе дагы Кулибаев биринчи Дариганы, анан кайра эле Токаевди жок кылат. Токаев кызматын тапшырып, миллиондорду камтыган пенсиясын алып, акырын кетип да калышы мүмкүн. Эгерде буга мүмкүнчүлүк беришсе. Жараткан буюруп, Кулибаев кызматка келип, баардык Назарбаевчилердин командасынын мүлкүн тартып алып, өздөрүн камай баштаса, эл муну сөзсүз колдоп чыгат. Ал массалык түрдө колдоо таап, Мирзиеев сыяктуу мыйзамдуу, калкы сүйгөн жетекчи боло алат. Ислам Каримовго окшотупөп, Назарбаевди казак эли бат эле унута баштайт.
Бирок мындай оор кармашка азыркы президент даярбы?
–Касымжоомарт, сен эмерек эмес экениңди далилде!
Жеке мен Назарбаевдин өлүмүн каалабайм деле. Мага анын, баардык кылмыштары үчүн түрмөлө олтуруп, элдик соттун алдында жазасын алышын каалайм.
Кимдир бирөөлөр айткандай эл башыбыз аман болсун.
Назарбаев элдин алдына чыгып “Мен тирүүмүн” деп койсо мындан жакшы болмок”-дейт ал.
Булак: КоомПресс