Домой Тарых Казак бурадар, билип ал, Кененсары хандын башы Кыргызстанда эмес, Россияда…Видео

Казак бурадар, билип ал, Кененсары хандын башы Кыргызстанда эмес, Россияда…Видео

3522
Эки казак жараны Бишкектеги Ала-Тоо аянтына митингге чыгышты. Алар “Кененсарынын башын кайтарып бергиле” деген жазуу жазылган плакатты көтөрүп алып чыгышкан. Маалым болгондой Кененсары Касымов казактын Орто жүзүнөн чыккан султан  Абылай хандын небере-чөбөрөлөрүнөн болот. Ал  1841-жылдан баштап Орусия императору Николай I тааныбаган казактардын баардык Үч жүзүнүн ханы катары эсептелген. 1847-жылы кыргыздарды баш ийдирүү максатында 20 миӊ кол менен түндүк кыргыздарга кол салып, жоокерлерине  Таластан тартып, Чүйдүн  Кегетисине чейин миӊдеген кыргыздар кырдырып, алардын канына забын болгон мыкаачылардын бири. Ал тургай боюнда бар келиндердин  челкейген  курсагын тилдирип, өлөсөлүү абышка –кемпирлердин башын кыя чаптырып, солтонун айрым  манаптарынын күмбөздөрүнүн каздырып, сөөктөрүн чачтырганын (мына ушундай эле көрүнүштү Кененсарынын чоӊ аталары Абылай хан кыргыз жергесинде 1775-жылдары жасаган. Бул окуя тарыхта “Жайыл кыргын” деген ат менен белгилүү) тарыхтан жакшы билебиз. Кыргыздарга кол салгандан 3 күндөн кийин Ормон хан казак колун Токмоктун Кегети тарабынан  азыраак кол менен тосуп алып, амал менен жеӊип, Кененсары, Ноорузбай, Эржандарды колго түшүрүп, Кенен хандын башын алдырган. Андан соӊ кыргыздар Кененсарынын башын алып, алгач Омск шаарына, андан ары Санкт-Петербурга императорго жөнөткөн. Ошол күндөн ушул күнгө чейин Кененсарынын башы Питерде музейде сакталып жатканы айтылат. Бирок айрым маалыматтарда Омск шаарында деп дагы айтылат. Анын башын кайтарып алуу маселеси буга чейин көп эле жолу көтөрүлүп, ал тургай Назарбаев Путиндин өзүнө чейин айткан деген маалыматтар чыккан. Ал эми кечээ Ала-Тоо аянтына чыккан казактар ушул маалыматты билишеби? Же билсе да, башка саясат кылып жатышабы?

Билишсе, Кененсарынын башын  кыргыздардан эмес, орустардан сурашпайбы, бай болгурлар. Балким, башка бир максатты көздөп, «заказ» аткарып жүргөн чагымчыларбы? Айтор, бийлик бул маселеге да кайдыгер карабай, көз салышы зарыл. Деги эле мынчалык түркөйлүктүн кимге кереги бар? Казактардын ханы кыргыздарга катылып, өз жасасын алганы ырас. Буга Кудай өзү тараза эмеспи.