Домой Саясат Казак баурлардын тыңчысы ким? «Чыңгызхандын шакирттери­нин» бири…

Казак баурлардын тыңчысы ким? «Чыңгызхандын шакирттери­нин» бири…

59

Садыр Жапаров

«Чыңгызхандын шакирттери­нин» бири — Садыр Жапаров чет өлкөлөрдүн биринде жатып алып, «Саясаттагы 10 жыл» аттуу китебин жазганын билебиз. Мына ошол китебинде ал 2010-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында Казакстандан 3 миллион доллар алып келишкени тууралуу (өзү негизи акыркы учурларда саясатчылардын баары жазуучу болуп баратат, өзгөчө кызматтан кеткендер, куулгандар) жазган. Кийин ушул 3 миллиондун ордун табышпай Келдибеков менен анча-мынча кыйкылдашканын кыйыткан. Ал миллиондорду казак баурлар эмне максатта беришти эле? Же Садыр Жапаровдун парламентке келишине алардын кандай кызыкчылыгы бар болчу? Суроо абдан олуттуу, бул китебинде 3 миллион тууралуу жазуу менен Садыр мырза өздөрүнүн былыгын өздөрү чукуп отурбайбы. Бул оңой акча эмес, 300 миң сом болсо да бир жөн эле. 3 миллион доллар берип аткандардын сөзсүз бир кызыкчылыгы бар болушу керек болчу. Ошондо Садыр Жапаров Казакстандын тыңчысы болуп калабы? Анан дагы акыркы учурларда АКШ Ош шаарынын экс-«кожоюну» Мелис Мырзакматовго көз кырын салып атканы тууралуу эркин басылмалардын бири жазып чыккан. Деги бизде соо оппозиция барбы? Бардыгы эле ар кайсыл өлкөнүн кызыкчылыгындагы тыңчылар боло берсе, кыргыз эли үчүн, Кыргызстан үчүн ким иштейт? Булар эртең бийликке келсе, Кыргызстанды тортту “кусокко” бөлгөндөй бөлүп кетишпейби, ыя?