Домой Коом (Видео) Катуу сабалган Тайырбек Сарпашевдин туугандары аны жеке клиникага которуу үчүн ооруканадан...

(Видео) Катуу сабалган Тайырбек Сарпашевдин туугандары аны жеке клиникага которуу үчүн ооруканадан алып чыгышты

249

Кечээ, 6-октябрда катуу сабалган Тайырбек Сарпашевдин туугандары аны жеке клиникага которуу үчүн ооруканадан алып чыгышты. Бул тууралуу журналисттерге Бишкектин №1 шаардык ооруканасынан билдиришти.

Ошондой эле, алар ур-токмок учурунда Сарпашев бир нече жаракат алгандыгын айтышты. Абалы оор, бирок туруктуу деп бааланган. Туугандары мурдагы биринчи вице-премьер-министрди жеке медициналык мекемелердин бирине которуу үчүн бошотууну талап кылышты.

Эскерте кетсек, 6-октябрда УКМКнын имаратынын жанында мурунку биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди сабап кетишкен.

Алдын ала маалымат боюнча, нааразы болгон эл Тайырбек Сарпашевди президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбеков менен чаташтырышты. Күбөлөрдүн бири билдиргендей, Сарпашев катуу сабалган.

булак: kyrgyztoday.org