Домой Ден-соолук Катар кайрымдуулук уюму дагы бир медициналык клиниканы пайдаланууга тапшырды.

Катар кайрымдуулук уюму дагы бир медициналык клиниканы пайдаланууга тапшырды.

603

can i get lithium over the counter.

            _DSC3527

18-ноябрь күнү Ыссык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Сарыкамыш айылына заманбап фельдшердик-акушердик пункттун ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш салтанатына “Qatar Charity” уйумунун кыргызстандагы өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышышты.

Имарат толугу менен аталган уйумдун каржылоосу менен курулуп, мамлекеттик стандартка ылайык бүткөрүлдү. Жугуштуу ооруулар үчүн атайын өзүнчө эшик менен кирүүчү каана, педиатр, терапевт, эмкана, каттоо бөлмөсү жана санузелдери, жылытуу системасы менен толук түрдө ишке берилди. Мындан сырткары  ичиндеги эмеректери, тиешелүү медициналык жабдыктары, дары дармек сактоочу аппараттары ж.б. керектүү шаймандары дагы уйум тарабынан камсыздандырылды. _DSC3509

                Саламаттык сактоо министрлиги менен болгон келишимдин негизинде Катар кайрымдуулук уйумунун каржылоосу менен  2017-жылдын ичинде 8 медклиника  курулду. Анын төртөө ачылып ишке берилди. Жакынкы күндөрү калган төртөө ачылуу алдында турат.

“Кош бойлуу аялдарды каттоого алып, өз убагында кароодон өткөрүп, жаш балдарды ар кандай эмдөөдөн өткөрүп турууга жана оорулууларга алгачкы медициналык жардамды жеринен көрсөтүү үчүн мындай клиникалардын ар бир айылда болуусу шарт” –деп билдирди Аксуу районунун акиминин орун басары Жантаев Элчибек  Нуртаевич._DSC3500_DSC3534