Домой Ден-соолук Катар кайрымдуулук уюму дагы бир медициналык клиниканы пайдаланууга тапшырды.

Катар кайрымдуулук уюму дагы бир медициналык клиниканы пайдаланууга тапшырды.

168

real flagyl online. 25394209_1554005378014695_648241667_n

Бүгүн Талас областынын Кара-Буура районундагы Чоң Кара-Буура айылына заманбап фельдшердик-акушердик пункттун ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш салтанатына “Qatar Charity” уюмунун кыргызстандагы өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышышты. Имарат толугу менен аталган уюмдун каржылоосу менен курулуп, мамлекеттик стандартка ылайык бүткөрүлдү. Жугуштуу ооруулар үчүн атайын өзүнчө эшик менен кирүүчү каана, педиатр, терапевт, эмкана, каттоо бөлмөсү жана санузелдери, жылытуу системасы менен толук түрдө ишке берилди. Мындан сырткары ичиндеги эмеректери, тиешелүү медициналык жабдыктары, дары дармек сактоочу аппараттары ж.б. керектүү шаймандары дагы уюм тарабынан камсыздандырылды. Саламаттык сактоо министрлиги менен болгон келишимдин негизинде Катар кайрымдуулук уюмунун каржылоосу менен 2017-жылдын ичинде 8 медклиника курулду. Анын төртөө ачылып ишке берилди. Жакынкы күндөрү калган төртөө ачылуу алдында турат. “Кош бойлуу аялдарды каттоого алып, өз убагында кароодон өткөрүп, жаш балдарды ар кандай эмдөөдөн өткөрүп турууга жана оорулууларга алгачкы медициналык жардамды жеринен көрсөтүү үчүн мындай клиникалардын ар бир айылда болуусу шарт” –деп билдирди Карабуура районунун акиминин орун басары.25435140_1554003581348208_476626526_o25441006_1554003548014878_364241765_o25467687_1554003564681543_521414256_o