Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда Жаңы вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев менен Акрам Мадумаров Жогорку Кеңештин ант беришти.
Ант берүү иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков, өкмөттүн толук курамы жана депутаттар катышты.
Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Эркин Арсандиевди ант берүүгө трибунага чакырганда “Арсандиев Эрик” деп чакырды.
Касымалиева төрага Жумабеков сыяктуу Эркин Арсандиевдин толук таны билбей, адашып кеттиби же жаңы дайындалган вице-премьер-министр менен жеке достук тааныштыгы барбы, айтор “Эрик” деп эркелетип койду.
Экономика тармагын тейлеген мурдагы вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кызматтан алынып, ордуна Эркин Асрандиев дайындалган.
Ал буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеп турган.
Булак: Факт.кж