Домой Коом Касиеттүү Чеч-Дөбөдө Сооронбай Жээнбековго бүркүттөр белги берди

Касиеттүү Чеч-Дөбөдө Сооронбай Жээнбековго бүркүттөр белги берди

227

6834.jpg_w830_h450_crop

Айтылуу Ат-Башынын Чеч-Дөбөсү, андагы касиеттүү Кошой-Коргон кыргыздын касиеттүү жерлеринин бири. Манастын өзү да адегенде Алтайдан Ала-Тоого кыргыздарды кайра баштап, көчүп келгенинде, эӊ биринчи Кошойго жолугат. Ай кулагы калкандай, алагар көзү чолпондой кайран Кошой бабабыз мындагы калган кыргыздарды Алоокеге биротоло алдырып койбой, баарын баш коштуруп караан болуп турат. Качан Манас келгенде “балам башкарып алгыӊ элиӊди, жердеп алгыӊ жериӊди” деп эки тизгин, бир тизгинди Манаска өткөрүп берет.

Кошой – Манас доорунан  тартып, кыргыздын күнү бүгүнкү турмушуна чейин аралашып келаткан карааны тоодой фигура. Ал ар- намыстын, карыялык нарк-насилдин, элди-жерди сактоонун,  калк башкарган парасаттуулуктун, батасы жаза кетпеген касиеттүүлүктүн символу. Анын батасы менен Манастын Семетейи төрөлгөн. Кошойдун сексен бешинде кан башы менен күрөшкө түшкөн Жолойду жыгып намыс алып бергени, эпостогу кайсы бир сюжет эмес, баарынан намысты өйдө койгула деген улуу насааты эмеспи.

Кошой эпосто айтылгандай Ат-Башынын Чеч-Дөбөсүнө коюлган. Ал жерде Алмамбеттин да сөөгү жатат. Бул жер кылым кыргыз үчүн ушундай ыйык жер. Андыктан Ат-Башыга барган ким гана болбосун бул жерге кайрылбай, зыярат кылбай кетпейт.

Жакында Ат-Башы жергесинде болгон президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков да бул жерге кайрылган. Ошол учурда коштоп жүргөндөрдүн жана көргөндөрдүн айтымында, кайдан-жайдан пайда болгон алты бүркүт Сооронбай Жээнбековдун үстүнөн асманда көпкө чейин айланып учуп, айрымдары  ийнине коно калчудай жандай учканын көргөндөр, бул Сооронбай Жээнбековго келген оомат катары баалашкан.

Бүркүт – бийликтин символу. Тегин жеринен көптөгөн мамлекеттердин гербинде, мамлекеттик символдорунда бүркүттүн сүрөтү тартылбайт.

brand name cialis for sale online. Касиеттүү Чеч-Дөбөдөгү Кошой-Коргондо Сооронбай Жээнбековго берилген мындай белги бекеринен эмес. Бул элибиз түп кѳтѳрүлѳ 15-октябрда Кыргызстандын жаркын келечеги, биримдиги, тынчтыгы жана элибиздин байгер жашоосу үчүн Сооронбай Жээнбековго добуш берип, президенттикке шайлаарынан кабар берет эмеспи…