Домой Саясат КАШКАР ЖУНУШАЛИЕВ! ЭЛДИ КАМАЙ БЕРИП ТОЙГОН ЖОКСУҢБУ?

КАШКАР ЖУНУШАЛИЕВ! ЭЛДИ КАМАЙ БЕРИП ТОЙГОН ЖОКСУҢБУ?

63
“Коркконго кош көрүнөт” дейт. Бүгүн Садыр Жапаровдун тарапташтары тынчтык митингге чыккан жатышса, ИИМ алдын ала эле дүрбөлөңгө түшүп атат. “Мыйзам бузгандар катуу жазасын алышат” деген билдирүү таратып. Баары эле билет, чектен чыккандар эмне болорун. Популизмдин чеги жокпу ыя? Эл мал эмес да! Ансыз да Кашкар Жунушалиев Кой-Таш окуясына жана Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу мыйзамсыз камоолору үчүн жооп береби? Ооба, убактысы келгенде катуу сурак болот! Бул дүйнөдө бирөөнү кор кылсаң, тиги дүйнөгө чейин эле жообун аласың… Азырынча Кашкар тайраңдай берсин, тескери иштери боюнча аз күндө ачыктайбыз!
Булак: Aryba.kg