22 жаштагы Токтогулдук кызмын. Жаштык кылып жатамбы билбейм, бирок үй-бүлѳлүк турмуштан тажап, ойноп кеттим…
Турмушка чыкканыма эки жыл болду, бирок жолдошум экѳѳбүз балалуу боло албай койдук. Ѳзүм чырайлуу, сойкойгон кызмын. Ошондуктанбы, айтор боюма бүтпѳй жатканына карабастан жолдошум кетип калбай же кое бербей, кымбат белектерди алып берип, эркелетип келет.
Жолдошумдун машинасын айдап калчумун, бир күнү жолдон бузулуп калсам, жаныма бир жигит басып келип, бат эле оңдоп берип койду. Таанышып калсак ал авто электрик болуп иштейт экен. Эмнегедир кечинде жолдошум менен жатсам дагы ошол жигит оюмдан кетпей койду.
«Бузулуп калсаң чалып тур» — деп телефон номерин берди эле, машинам бузулбаса дагы чалдым…
Жолдошума билгизбей далай жолу жолугуп жүрдүм, бирок тѳшѳкѳ жеткен жокпуз. Себеби жолдошум «күн бата электе үйдо бол» деди эле, ал эми «гостиницага» баргандан тартынчумун.
Бир күнү жолдошум машинаны катуу сүзүп алып, экѳѳбүз тең машинасы жок калдык. Кѳнүп калган жаным үйгѳ батпай баштадым. Токтогулдан Бишкекке такси менен келип башка, жеке мага машина алып бермей болду.
Тигил ойношума бул кабарды айтсам, автовокзалда күтүп туруптур. Барынан кызыгы жолдошум экѳѳбүз отурган таксиге келип, капилеттик кылып чогу кетмей болдук. Жолдо келе жатып жолдошум менен таанышып, машинаны жакшы оңдоорун айтып калды. Эчнерсени байкабаган, жаман ою жок жолдошум — «машинам бузулуп калса оңдоп берип тур» деп, тиги жигиттин телефон номерин жазып калды. Орто жолдо айдоочубуз чарчаган экен, «мен айдап алайын» деп машинаны айдап алды. Ошентип Бишкеке чогу келдик.
Базардан машина алып, кайра Токтогулга кетээрде жолдошумдун зарыл иштери чыгып калып, мен ѳзүм эле кетмей болдум. Ашуудан айдап кѳрбѳгѳн жаным, тайкеме айдатып алайын десем, жолдошум ага ишенбейм деп, ага караганда баякы жигит жакшы айдайт экен деп калса болобу…
Мына кызык, жолдошум чын эле тигил жигитке чалып, кайра Токтогулга кете турган болсо биздин машинаны айдай кетүүнү суранды. Ал албетте макул болду.
Карышкырга кой кайтарткандай эле мени ойношума салып берди. Экѳѳбүз Бишкектен чыгып эле ѳбүшүп жатып калдык. Калганын айтпай эле коеюн…