КСДП фракциясынын жаңыдан түзүлгөн секретариатынын кызматкерлери гезитке фракция депутаты Каримов Нодирбек Тохтосинович тууралуу макала жарыяламай болушту. Бирок, кашайып ал жөнүндө таптакыр маалымат табышкан жок. Жазмакер өзүнчө жини келип, секретариаттын башчысы Абдыманап Кутушевге: “Ушундай да депутат болобу, деги муну өз айылы тааныйбы?” — деп суроо салды. Абдыманап мырза, кантсе да кыраакы эмеспи, “эптеп бир маалымат табасың да” деп айтууга камынып, бирок унчукпай койду.
— Канттик эми — деди журналист, — макалада баары бир жалган нерселер айтылат, ошондой болсо да жок дегенде темасына бир аз чындык кошпосок болбойт ко. Бир аз болсо да ал депутат тууралуу маалымат табалы, — деп баш тырмап калды. Бирок, кайра ойлонуп: “Кайдан маалымат болсун, ал партия мүчөлүгүнө жаңы эле өтүп жатса…”, — деп айласы түгөндү. Ошондой болсо да тажрыйбасына таянып, Каримов тууралуу араңдан зорго жарым барак макала жазып бүтүп: “Биздин депутат эл ичинен чыгып, КСДПга кирди!” деген тема койду.