Бишкек шаарынын Тунгуч кичирайонунда жакынкы күндөр аралыгында эле «Глобус» соода борбору ишке берилип, соода-сатык ишин жүргүзө баштады. Ал жакта сатылып жаткан товарлардын баалары асманды чапчыганы өзүнчө маселе. Бүгүн биз сөз кыла турган чоӊ маселе — таштанды болмокчу. Глобус курулганчакты таштанды Анкара көчөсүнөн обочороок жерде жайшагып, ары-бери өткөн машинеге, жөө жүргүнчүгө эч маселе жараткан эмес. Таштандыга мэрия тараптан атайын дөӊгөлөктүү таштанды салган челектер да берилген. Эми Глобустун кардарларына ыӊгайлуу шарт түзүп берүү максатында мурун таштанды турган жерди асфальттап туруп, таштандыны Анкара көчөсүнө чыгарып коюшуптур! Ал жакта бала бакча, мектеп бар экенин айтпаганда, кабаттуу үйлөр да көп.
Эч кандай санитардык нормага жооп бербейт. Биринчиден ал мыйзамга туура келеби, жокпу? Жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын туудурган бул өзүм билемдик качан бүтөт же шаардын көчөлөрүнө таштандыны кое берсе боло береби? Мындай жосунсуз жорукка Октябрь районунун акими Болот Алымкулов эмнеге көзөмөл кылбайт? Глобус деген кичинекей павильон эмес да көрбөй калгыдай, ал үлкөн соода борбору болгондуктан, андайларды көз жаздымда калтырганы туура эмес. Акимге райондун тургундары баш ийгендей эле, бизнесмендер да КРнын мыйзамына баш ийип, мыйзам чегинде иш алып баруусу кажет. Биз бул маалымат менен ал соода борборунун ишине тоскоолдук жараткыбыз келген жок, болгону биз айтып, ал маселени көтөрүп чыкпасак, ким айтат? Жергиликтүү тургундардын жашоосуна, жолдо жүрүүсүнө тоскоолдуктар болбош керек. Ансыз да шаарда жол тыгындар, унаа кырсыктары көп болуп жаткан чакта, жолго таштанды койгондун өзү туура эмес! Урматтуу Албек Сабирбекович! Шаардын четиндеги райондорду бир кыдырып, көйгөйлөр менен жеринен таанышып чыксаӊыз жакшы болоор эле!