Ушул жумада президент Алмазбек Атамбаев өз кызматын жаңы шайланган өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго өткөрүп бергени турат. Атамбаев 6 жылда кыргыз элине кандай кызмат кылды деп эсептейсиз?
— Эми жалпы жонунан Атамбаев жаман иштеген жок. Ал өлкөнү башкарып турганда Кыргызстанда тынчтык болду. Адам баласы үчүн тынчтыктан өткөн байлык жок. Тынчтык болсо өнүгүү болот, токчулук болот, балдардын ыйы эмес күлкүсү жаңырат, бизге окшогон акындар ыр жазат. Атамбаев 6 жылда таза иштеди. Бир да жолу “жеп алыптыр” деген сөздү артынан ээрчиткен жок. Мурдагы президенттердей болуп үй-бүлөсүн бийликке аралаштырган жок, туугандарын чоң кызматтарга жолотподу. Бул да жакшы көрүнүш. Акыркы 6 жылда жолдор оңдолду, ири долбоорлор ишке ашты. Ошол эле Кыргызстанды энергетикалык жактан көз карандысыздыкка жеткирген “Датка-Кемин” долбоорун мисалга алсак болот. Мындан тышкары түндүк менен түштүктү байланыштырган альтернативдүү жолдун курулушу салынууда. Бул иштерге президенттин салымы чоң деп эсептейт элем.
— А.Атамбаев маданият тармагынын өнүгүшүнө кандай салым кошо алды деп эсептейсиз?
— cialis 10mg or 20 mg. Атамбаев өзү адабиятка, чыгармачылыкка жакын киши. Андыктан маданият тармагын жакшы түшүнөт деп эсептеймин. Ал өзүнүн президенттик мөөнөтүндө бул тармак да көз жаздымда калган жок. Көчмөндөр оюнун өткөрүү эле Кыргызстандын кадыр-баркын канчалык көтөргөнүнө күбө болдук. Атайын бир жылды маданият жана тарыхка арнап, анын арты менен көптөгөн иштер жасалды. Үркүндүн 100 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү. Бул окуядан курман болгондорго арналган атайын комплекс курулду. Канчалаган илимий иш-чаралар өттү. Кыргыз тарыхын кайрадан изилдөөгө каражаттар бөлүнүп, бул багытта окумуштуулардын атайын эмгектери чыкты.
— Ошол эле кезде Атамбаев 6 жылда Кыргызстанды артка тартты дегендер жок эмес. Мындай адамдардын пикирине кантип жооп берет элеңиз?
— Коом болгондон кийин ар кандай адамдар болот. Элдин баарына жагыш кыйын. 6 жылда Кыргызстан артка кетти дегенге көпчүлүк кошулбайт деген ойдомун. Турмуш күн сайын оңолууда. Эң башкысы Кыргызстан туура жолго түштү. Атамбаев өз мөөнөтүндө татыктуу иштеди.