Кыргызстанда өзгөчө абал режимин киргизүүгө зарылчылык жок деген чечим кабыл алынды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
“Премьер-министр Кубатбек Бороновдун жетекчилиги астында штабда жыйын өтүп, өзгөчө абал киргизүүнүн кажети жок деген чечим кабыл алынды. Бирок бир канча тапшырмалар берилди. Биринчиден, мамлекеттик кызматкерлерди мүмкүн болушунча аралыктан иштетүүнү карап көрүш керек. Экинчиден, Ош, Бишкек жана чоң шаарларда көзөмөлдү күчөтүү боюнча иштер тапшырылды”, — деди Каратаев.