Домой Коом Карапайым калк өкмөттүн ишине ыраазы

Карапайым калк өкмөттүн ишине ыраазы

116

       SAB_1284

 Сооронбай Жээнбеков башында турган өкмөттүн азыркы курамы ишке киришкенине бир жылдан ашты. Бул аралыкта министрлер кабинетинин иш-аракети менен кыргыз экономикасында өсүштөр байкалганы, экспорт-импорт маселеси жанданып, айыл чарбасында жана жалпы көрсөткүчтөрдө жандануу бар экендигин эсеп-кысап жүргүзгөн тиешелүү мамлекеттик органдардан сырткары тиешелүү эксперттер да ташка тамга баскандай белгилешүүдө. Өкмөттүн чеке жылыткан иштери менен айрым жетишкендиктерин биз бул сапар официалдуу органдар же тиешелүү эксперттер менен эмес, карапайым мекендештерибиздин көзү менен да билгенге аракет кылып көрдүк.

 Калыйбай Саралаев, саясый активист: 

—         Кыргыз өкмөтүнүн соңку жылдардагы иштери жаман эмес. Аракеттер бар, ага удаа кемчиликтер деле бар. Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болгону жетекчи катары өлкөбүздүн агрардык саясатына көп көңүл буруп, өзүнүн чарбакер, мамлекеттик башкарууда тажрыйбалуу мамлекетчил инсан экенин далилдей алды. Ошол себептен чарбачылыкта ал премьер-министр кезинде жакшы жыйынтыктар болду. ЕврАзЭСтин курамына кирген өлкөлөр менен тыгыз иштешип, эки тараптуу соода алакабызды өнүктүрүүгө үлкөн салымын кошо алды.

Автандил КАРЫПОВ, жеке ишкер: Автандил Карыпов

—         Мен Бишкектеги ветеринардык дарыканаларда мал-жандыктар, үй жаныбарлары менен канаттуулар үчүн дарыларды сатып иштейм. Бул жаатта иштеп келе жатканыма 10 жылдын жүзү болуп калды. Буга чейин деле Кудайга шүгүр, соодабыз болуп келген. Бирок, соңку 2 жылдан бери соодам жакшы болуп, ишкерчиликтин тили менен айтканда “итим чөп жеп” калды. Анткени, биздин жарандар өндүрүлгөн продукцияларын экспортко чыгара башташты. Айыл чарба азыктары, эт, сүт өндүрүүнүн көлөмү көбөйдү. Чет өлкөгө эт-сүтүн экспорттогон жарандарыбыз мындай шартта колундагы мал-жандыгынын дени-кардына жакшы кам көрүп, убагында эмдеп, тиешелүү вакциналарды сайып турушат экен. Мунун айынан биздин соодабыз да жакшыра баштады. Албетте, “тфү-тфү” дей турайын, көз тийбесин, ишибиз жаман эмес. Ким кандай десе ошондой десин, бирок, мен Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында иштеген кыргыз өкмөтүнүн ишине оң баамды гана берем.

   Асан МУКТАРОВ, Кочкор районунун: Асан Муктаров

—         Негизинен чеке жылытчу иштер бар. Ушундан соң мамлекетибизде өсүш бар экенин билсек болот да. Азыр мурунку убактарга салыштырмалуу элдин турмушу да жакшырганы сезилүүдө. Карапайым элибиз деле өкмөттүн көзүн карап эле догуруна бербей, өз алдынча тирилик кылганга кадимкидей көндү десек болот. Кыскасы, жакшы жагында иштер бар. Маселен, биздин Кочкор районундагы элибиздин мурунку жылдарга салыштырмалуу айдаган картошкалары, баккан малдары жакшы баага сатылып жатат. Мунун баары кыргыз өкмөтүнүн ЕврАзЭСтин талабына жараша иш алып барып жаткандыгынан болууда. Алдыдагы жылдарда буюрса, бул жаатта дагы жакшы иштер күтүлүп жатканын көрүп жатабыз. Негизи кемчиликтер деле бар. Бирок, ошол кемчиликтер деле иш жүргөн гана жерде болот эмеспи.

Кыргыз өкмөтү пенсионерлерибиздин пенсиясын көтөрүп, мугалим менен дарыгерлерге, биздей айыл жериндегилерге камкордугун улантса эле баары жайында болот. Негизи мен өкмөттүн ишин жакшы деп баалайм. Буга чейинкилерин деле көрбөдүкпү. Ага караганда азыркы өкмөттүн иши алгылыктуу эле болду. Жакшыны жакшы эле деш керек.

 

Нурбек ШЕЙШЕНОВ, Нарын облусунун тургуну:Нурбек Шейшенов

—         Негизи менин саясатка деле анчейин кызыгуум жок. Бул чөйрөнүн балит иштерин, сасык оюндарын, интригаларын гезиттерден окуганда кадимкидей жийиркенем. Бирок, кыргыз өкмөтүнүн иши жакшы жакка ооп баратканын айта алам. Өлкөбүздө жылыштар бар. Президент Алмазбек Атамбаев башында турган бийлик колунан келишинче иштерин кылып жатат. Дагы эмне кылышсын? Башкысы, өлкөбүз тынч, элибиз аман-эсен бейкутчулукта жашап жатат дегендей. Тынчылык болуп, ден-соолук болуп турса эле башкасы акырындан боло берет.

Жеке өзүм кыргыз өкмөтүнүн жасап жаткан иштерин көрүп, ыраазы болом. Сооронбай Жээнбеков жетекчи катары өлкөбүздүн баардык аймактарына чапкылап барып эл менен жолугушуп жатат. Мындай ишин дагы кыла берсин. Анын бул сапаты элге жакындыгынан гана кабар берет. Эми ал бийликтеги жетекчи катары биздин шарты катаал Теңир-Тоо аймагыбызга дагы бат-баттан келип, карапайым элге жардам берип турса жакшы болот. Негизинен анын ишине көз-карашым түз. Колунан келишинче бар аракетин кылып иштеп жатат.

 Руслан КУЛУКЕЕВ, Бишкек шаарынын тургуну:Руслан Кулукеев

—         Жалпы-жонунан жаман эмес. Ийгиликтерге удаа кемчиликтер дагы бар. Айрым чабал жетекчилердин начар иштери өкмөт башчынын ишине көлөкө түшүрүп жаткандай. А негизинен Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт курамы дараметтеринин жетишинче жакшы иштешти. Кемчиликтерине караганда ийгиликтери көп болду окшойт.

Премьер-министр мындан ары элибизге, мамлекетке салык төлөп жатышкан ишкерлерге колдоосун көрсөтсө жакшы болмок.

 

Манас ТАЛГАРБЕКОВ, жаш активист: Манас Талгарбеков

—         Өкмөт башчынын аракетин көрүп жатабыз. Колунан келишинче иштеп жатат. Негизи эл көзүндөгү адам, болгондо да жетекчи болгон соң көпчүлүктө ага карата ар түрдүү пикирлер, сындар, колдоолор болот да. Жеке менин көз карашымда премьер-министр катары колдон келген аракетин көрүп, жакшы эле иштеп жатат. Анын региондорго барып, эл менен жолугуп, аймактарыбыздын көйгөйлөрүнө көз салып иштегендиги жакты. Жетекчи деген ушинтип элден качпай, тескерисинче, эл менен көп-көптөн жолугушуп турушу керек.

where to buy alli cheap. Учурдан пайдаланып, бир сунушту ал кишинин дарегине жолдогум келет. Өлкөбүздө жаманбы-жакшыбы футбол оюну абдан өнүгүп келе жатат. Топ сүйүүчүлөрдүн катары күн сайын калыңдоодо. Мындай шартта ал спортко дагы да көңүл буруп, футбол күйөрмандары менен оюнчулары үчүн жакшы шарттарды түзүп, колдоосун көрсөтсө топ сүйүүчүлөрдүн муктаждыктарын чечип берсе далайлаган жаштардын эсинде калып, ага удаа колдоо да алмак. А негизинен анын бир жылдык ишине канааттанам.

 

Жеңишбек Асанбек уулу, айдоочу: 

—         Өкмөттүн ишин толук деле майда-баратына чейин ажыратып, тереңден билбеген соң, андай-мындай дей албайм. Бирок, жакшы аракеттерди жасап, региондорго барып иштеп жаткандыгын көрүп жатабыз. Сооронбай Жээнбеков баамыбызда жакшы иштеп жатат. Анын ишинен жаман-жуман пикир уккан деле жокмун.