Домой Коом Карантин токтосо биринчи кезекте кимге жумушка чыгууга уруксат берилери айтылды (видео)

Карантин токтосо биринчи кезекте кимге жумушка чыгууга уруксат берилери айтылды (видео)

133

Эгер карантин токтосо биринчи кезекте күнүмдүк маянага иштегендерге жумушка чыгууга уруксат берилет. Бул тууралуу 24-апрелде ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

«Эгер 30-апрелден кийин карантин мөөнөтү узартылбаса эң оболу кайсы тармактарга уруксат берилет?» деген суроого жооп берип жатып ал комендатура талдоо жүргүзүп, ушундай бүтүмгө келгенин айтты:

«Курулушта иштегендер, техникалык тейлөө жана желимдөө станциялары, такси айдагандар. Бирок санитардык-эпидемиологиялык эрежелер так сакталышы зарыл. Таксиде жүргүнчүнүн саны экиден көп болбошу керек».

Орозалиев санитардык тазалоо жүргүзүлүп, адамдар беткап тагынып, ортодогу аралыкты так сакташы зарыл экенин белгиледи.

18-марттан 24-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 656 адамдан табылды, алардын сегизи каза тапты, 322 бейтап сакайып кетти.

30-апрелге чейин Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун, Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Мекеме-ишканалар убактылуу жабылган.

Карантин мөөнөтү андан ары узартылабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Булак: Азаттык