Домой Коом «Карантин дагы 2-3 ай уланаарын мээге куюп алыш керек»-деди Жалалабаддык дарыгер

«Карантин дагы 2-3 ай уланаарын мээге куюп алыш керек»-деди Жалалабаддык дарыгер

131

Облустук медициналык штабдын жетекчисинин орун басары түз эфирде өткөн брифингде жарандарга кайрылуу жасады.

Карантин режими эки-үч айга чейин уланат, муну ар бир жаран мээсине куюп, даяр болушу керек. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук медициналык штабдын орун басары, дарыгер Урматбек Боржиев маалымат жыйында билдирди.

Ал түз эфирден жарандарга кайрылып, коронавирустан сактануу эрежелерин эскертти.

“Урматтуу кыргызстандыктар, бул илдет жеңил көрүнгөнү менен аябай кооптуу. Саламаттык сактоо кызматын эмес, бүт жашообузду, экономикабызды өзгөрткөн илдет болуп жатат. Карантин эки-үч айсыз бүтпөй турганын ар бир адам мээсине куюп алышы керек. Абал эки-үч айда толук турукташканга чейин үйдө отуруш керек”, — деди Боржиев.

Ошондой эле ал тамак-аш, дары-дармек алууга муктаждык болгондо гана сыртка чыгып, анда дагы адамдардын ортосундагы үч метрлик аралыкты сактап, ар дайым бет кап тагынууну эскертти.

Булак: Спутник