Домой Саясат Карамушкина: “Альфа” кызматкерлери Кой-Таш боюнча көрсөтмөсүн башка ат менен беришкен

Карамушкина: “Альфа” кызматкерлери Кой-Таш боюнча көрсөтмөсүн башка ат менен беришкен

37

Депутат бул сот жараяны ачык өтүшү керектигин, антпесе коомдо бийликке карата ишеним жоголорун белгиледи:

«“Альфанын” күбө катары өтүп жаткан кызматкерлеринин баары башка ат менен жазылган. Эгер чындык азыркы бийлик тарапта болсо ачык териштирүүгө биринчи кезекте ал өзү кызыкдар болмок. Соттун жабык өтүшү коомду ого бетер бөлүп-жарып, бийликке болгон ишенимдин жоктугун күчөтөт».

Карамушкина Кой-Таш окуясы боюнча териштирүүдө өлкөнүн кызыкчылыгына доо келтире турган “эч кандай сыр жоктугун”, “ашкере боло турган жалгыз нерсе – күч түзүмдөрүнүн компетенциясынын жоктугу жана коррупциялашканы” экендигин кошумчалады.

Депутаттын айтканына байланыштуу “Азаттык” УКМКга кайрылганда тергөөнү милиция органдары жүргүзгөнүн, андыктан комментарий бере албасын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Ал эми Ички иштер министрлиги иш алардын карамагынан чыгарылып, сотко өткөрүлүп берилгенин айтты.

2019-жылдын август айында УКМК жана ИИМ мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөндө “Альфанын” бир офицери каза таап, 200дөн ашуун адам жараат алган. Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишти тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын 14үнүн иши сотко өткөн. Калган беш адам тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн алардын иши өзүнчө тергелүүдө.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бул күндөрү баштапкы соттук отурум уланууда. Териштирүү ачык өтөбү же жабык болобу, азырынча белгисиз.

Прокурорлор сот ачык өтүшүн колдой турганын билдирди.

Булак: Азаттык