Домой Саясат Карамушкина: абактагыларды жарандык никедеги жубайы менен жолуктурбай жатат

Карамушкина: абактагыларды жарандык никедеги жубайы менен жолуктурбай жатат

10

Эл өкүлү ага ушундай маселе менен кайрылгандар болуп жатканын белгиледи.

“Азыр мен абакта отурган адамдарга жакын болуп калгандыктан мага кайрылышууда. Мурда Кылмыш-жаза кодексинин 61-беренеси абакта отургандар менен жарандык никедеги жубайы менен жолугууга уруксат берген. Бирок жаңы мыйзамдарда бул алынып калыптыр. Эми соттолгон жана тергөө абагындагылар мурда чогуу жашаган же нике окутуп алган жубайлары менен жолуга албай жатат. Ушул маселени карап чыгып чечип беришиңиздерди сурайбыз. Бул кыйынчылык жаратпайт деп ойлом”, — деди Карамушкина.

Аталган маселени карап чыгуу өтүнүчү менен ал Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жана вице-премьерге кайрылды.

Булак: Спутник