— Карамат эже, Президент “бир ууч топтун кызыкчылыгына каршы турушум мүмкүн элимдин кызыкчылыгына каршы чыга албайм”- деди. Ал бул сөзү менен эмнени айткысы келди?
-Биринчиден, Президент- мамлекет башчы, мамлекет башчынын сөзүн ар кандай бурмалап, элдин башын айлантуудан алысмын. Бирок, ал сөздү ар ким өз деңгээлинде түшүнөт. Мен айтат элем, кандай топ болбосун, ал өзүбүздүн өлкөнүн жараны. Ошондуктан кандай топ болсо дагы сунуштары мамлекетибиздин кызыкчылыгын жогору койгон болсо, мамлекет башчы колдошу керек.
—Курманбек Бакиевдин 70 жылдыгынын урматына 40 мүнөттүк тасма көрсөткөн телеканалдар коомчулуктун сынына кабылды. Ал турсун аны чыккынчылык кылууга барабар иш кылды дегендер чекеден чыкты. Күч органдарынын эскертүүсү оңой жаза болуп калды деп нааразы болгондор да арбын. Ал тасма Бакиевдерди реабилитациялоо үчүн көрсөтүлдүбү?
— К. Бакиев жөнүндө сөз козгогум келбейт. Ал киши жөнөкөй кыргыз жарандарына курал колдонгон, ал кишинин ушул саясатын колдоп даңазалагандарга күч органдары катуу чара колдонушу керек. Эскертүү аздык кылат.
-Кыргызстандагы саясий абалдын курчушуна кайсы президенттин салымы чоң?
— Жээнбеков Сооронбай Шарипович учурдун мамлекет башчысы, Атамбаев Алмазбек Шаршенович экс- президент экөөнүн жеке мамилесине баа бере албайм. Бирок, экөө тең эл башкарган адамдар болгондугу үчүн өлкөбүздүн саясий абалына таасир этет. Албетте, карапайым калкка бири-бирин ашыкча ашкере кылбастан, мен мамлекет башчы болом деген саясатчылардын максатына мөөнөтүнөн мурда жетүүсүнө жол ачылууда. Экөө тең ошону ойлонушу керек. Өлкөнүн, элдин тагдыры ушулардын колунда экенин сезип, жоопкерчилик менен мамиле кылыштары керек.
-Эл арасында Атамбаевдин кол тийбестигин алып, каматууга чамынган Парламент тараш керек дегендер чыга баштады. Атамбаевди каматууга духу жетпеген бийлик парламентти таркатып жибербейби?
— Мен да ушул сунушту колдогондормун. Себеби, Парламент туура эмес токтом кабыл алды, мыйзам токтомдон жогору турат. Экс-президент мыйзам менен корголгон, бирок Кыргыз Республикасынын Парламентинин мөөнөтү аяктап калды. Эми акырына чыгыш керек.
—Президент эки жылда элдин ишенимин актай алдыбы?
-Биздин мамлекет негизинен Парламенттик, Президенттик башкаруудабыз. Президенттин президенттик кызматка киришкенине эки жыл болуп калганы менен парламенттин ишмердүүлүгүнө төрт жылдан бешинчи жылга карап калды. Ошон үчүн биринчи кезекте президентке эмес, парламентке баа беришибиз керек. Менимче Президенттин эн негизги милдети өлкөдө стабилдүүлүктү сактоо, тышкы саясат — ушу боюнча бааласак болот. Албетте, мамлекет башчы колунан келишинче аракеттенүүдө, ал кишинин ишмердүүлүгү Кыргыз өкмөтүнүн аракети менен бааланат.
—Текебаевдин эркиндикке чыгышынан бийлик кооптонуп жатабы?
— Текебаев Өмүрбек Чиркешович чыны менен кыйын саясатчы. Түрмөдө отурса да кыргыз саясатына канчалык таасир этип жатканы чындык. Ал эркиндикке чыкса дагы бир күчтүү оппозиция пайда болот. Биз оппозициянын күчтүүсүнөн кооптонбошубуз, чочулабашыбыз керек. Анткени, оппозициясы күчтүү болсо мамлекет да күчтүү болот.