Ысык-Көл облусундагы милиция кызматкерлери коммерциялык банктын дайынсыз жоголуп изделип жаткан кызматкери Е.Лященконун жүргөн жерин аныктады.
Бүгүн, 3-августта ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, «Азия Банкы» ЖАКтын Караколдогу бөлүмүнүн төлөм карталары боюнча адиси Е.Лященко 27-июлда саат 12:45ке чейин жумушта болгон. Түшкө жакын кеңседен чыгып кеткен бойдон аны эч ким көргөн эмес.
Ал кеңседен кеткенге чейин түшүнүк кат жазып, кардарлардын төлөм карталарын алмаштырып алганын, андан улам 182 миң сом суммадагы каражат жетпей жатканын айткан. Бирок, кыска убакыт ичинде бул сумманы кайтарып, өз каалоосу менен жумуштан бошотуу суранычы менен арыз жазып калтырган.
Анын жоголушу боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, 28-июлда саат 14:22де Бишкек шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунан Россиянын Москва шаарына баруучу № 111881 каттамына каттоодон өткөнү белгилүү болгон.
Учурда Е.Лященконун Россия Федерациясында жүргөн жерин аныктоо иштери улантылып жатат.
Булак: turmush.kg