Каракол шаардык кеңештин депутаты Азамат Айтбаев ур-токмокко кабылды. Бул тууралуу ал өзү Govori.TVга билдирди.
Анын айтымында ал кесиптеши, КСДП партиясынын депутаты Тулганбек Чолпонбаев тарабынан сабалган. Окуя кечээ, 25-февралда болгон.
“Кечээ бизде сессия болуп, анда бир катар сунуштар, маселелер каралган. Алардын катарында 2019-жылга карата шаар башчынын отчету угулган. Мен мэрдин отчетун кабыл алуу тууралуу сунуш келтирдим, депутаттардын көпчүлүгү колдоп беришти. Ал эми менин маңдайымда олтурган, менден бир топ эле улуу депутат Тулганбек Чолпонбаев отурумдар залынан чыгуумду айтты. Башка кеңсеге кирип, эшикти жаап, мени шапалак менен кулак түпкө чаап, муунтту. “Сен эмне кыйын болуп калдыңбы, эмнеге колдоп бергиле дейсиң” деди. Мен сөз менен чечишели, эмнеге кол көтөрөсүз дедим. Андан соң отурумдар залына кирип кеттим. Андан көп өтпөй мен “Табылга” партиясынын штабына келдим. Ал жакка келип “жинденип кеттим, инимсиңда” деп кечирим сурады. Мен ага карата арыз менен милицияга кайрылдым. Кечинде эле ооруканага көрүндүм, алар сотрясение болгонун чыгарып беришти. Кулагымды да көрсөттүм. Жакынкы арада дагы барам”, – деди Айтбаев.
Ал кошумчалагандай, Тулганбек Чолпонбаев шаардык кеңешке КСДП фракциясынан депутат болуп келген. Азыркы учурда “Мекеним Кыргызстан” партиясынын Караколдогу лидери болуп шаардык кеңешке шайлоого аттанып жатат.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешиндеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Тулганбек Чолпонбаевдин жүрүм-турумуна байланыштуу нааразылыктар айтылганын “Азаттык” жазып чыккан. Анда шаардык кеңештин жыйынына катышкандар Чолпонбаевдин ачык эле башка кесиптештерин кемсинткенине, орой сөздөр менен тилдегенине күбө болушканын айтып чыгышкан.
Булак: govori