Турмушубуз түп-тамырынан бери өзгөрдү дегенге кана кимиңер кошулбайсыңар, айткылачы? Эски салт-санаанын түбүнө деле жетип калгандай болдук. Башкасын айтпасак да азыр карадалы деген сөздүн маанисин жаштар түшүнөбү? Балээниби, бул кепке маани бербейт. Ал тургай көчө аралап сурасаңар да карадалы дегенди чечмелеп берчү адамды таппайсыңар. Бул эми кошулмасы жок чындык.
Илгери ата-бабаларыбыз, байбичелер он алты жаштан өткөн кызды карадалы деп тергеп коюшчу. Аны менен тең келиндер эки-үч балалуу болуп калышчу тура. Ошондуктан жашы улуурак бирөөгө токол катары болсо да берип тындырышканын көп укканбыз. Жашы өтүп кеткен кыздар кыжалат болушканынан эптеп турмуш куруп кетүүгө ашыгышчу экен. Ошентип баргандардын көбү өз ордун таап, бактылуу байбичелерден болгонун улуулардан далай эшиткен жайыбыз бар. Баса, барган жеринин оту менен жагылып, күлү менен чыгып кыйынчылыкты жеңгенин да кеп кылышчу. Эми карадалы дегенди колдонбой калдык.
Өткөндө бир жеңебиз бежиреп калды, үйдө башы бош кайын сиңдим бар, ошого ылайыктуу эр табылса жакшы болот эле деп. Аныңыздын жашы канчада деп сурап оозубуз ачылды. Көрсө кайын сиңдиси отуздан ашып кетиптир. Аныңыз эми качан турмушка чыгып, канчасында согончогу канайт да, ким менен бактылуу турмуш кура алат дегенди айта албай койдук. Буга окшогон карадалы аялзаттары канча дейсиң? Дагы нечени күйөөсүнөн балдары менен ажырашып ата-энесинин төрүнө келип алганын деле көрүп жүрбєйбүзбү? Жосунсуз эрен-төрөөндү байкамаксанга салып калганыбыз качан? Учурда эрден ажырашкандар кашкайып эле арабызда ээн-эркин даң салып жүрөт. Мындай көрүнүш коомчулукка деле сиңип кетти.
Ар бир үйдө болбосо да айрым жерден сөзсүз түрдө карадалы болуп калган кыз-келиндерди учуратууга болот. Жаш өйдөлөгөн сайын алар өзүмчүл болуп “ак боз” ат минген эркекти издеп калат экен. Тилекке каршы алардын баары “занит” болуп калып жатпайбы, катыгүн! Мезгил болсо закымдап билинбей өтө берет. Куда түшүп келе турган заман эми болбойт. Ошондуктан анча-мынча мандеми бар эркекти деле чанбай чаба берсеңер болот, асылкеч карадалы кыз-келиндер! Силер эстүү чыксаңар ошол эркекти мыктылардын арасына кошуп коёсуңар. Ошентсеңер өмүрүңөр текке кетпейт, бапырап бала-чаканын маңдайында салабаттуу отуруу кандай жакшы.