Өткөн санда “Кара жолдон” кайтпагандар… Рыспек Акматбаев жана башкалар» деген аталыштагы макаланын уландысы.
Эгемендүүлүк алган жылдардын башында “кара жолго” алгачкылардан болуп чыйыр салып, кылмыш дүйнөсүндө оңой менен өчпөй турган из калтырып кеткен Рыспек Акматбаевдин киши колдуу болуп өлгөнүнө быйыл туура он жыл толду. Эгер ал тирүү жүрсө, жайында 56 жашка толмок. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында туулган. Бала кезинен шок, эч нерседен кайра тартпаган өтө өжөр бала болгон. Азыр чоң кызматтарда жүрүшкөн айрым аткаминерлер, атактуу спортчулар чыгышкан атактуу (“инкуп”) спорт мектебинде окуган деген маалымат бар. Бирок, кайсы жылдары, кимдер менен окугандыгы так эмес.
Ал 1978-1980-жылдары Советтик армияга кабыл алынып, атайы аскер даярдыгындагы Аба десанттык диверсиялык чалгын бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Ал жерден аскер тартиби менен спорттун жашыруун түрүн мыкты өздөштүрүп, далай кыйынчылыктардан чыгып кетүүнүн жолдорун үйрөнүп, кыраакылыкка басым жасап, нечен татаалдыктарды артка таштап, кыйла такшалган. Чынында өтө абройлуу аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн учуру аны баш-оту менен спорт тармагына тартып, аскерден келген соң, Дене тарбия жана спорт институтуна тапшырган. 5 жыл окуп кызыл дипломдун ээси болору менен, ошол эле окуу жайда бокс кафедрасында машыктыруучу болуп эмгектенип баштайт.
Айына 100 рублдин тегерегиндеги айлык алып, тынч жашоодо жашап, Кыргызстандын атагын чыгарган чоң боксөрлорду тарбиялоо аракетине баш-оту менен кирип жүргөн учурда, тагыраагы 1986-жылдын декабрь айында Алматыда шаарда казак жаштарынын улуттук кызыкчылыкка басым жасалды делип, масштабдуу түрдө өткөн көтөрүлүшкө (казак досторунун чакыруусу менен барып) катышкандыгына байланыштуу атактуу үч тамганын (КГБ) “улутчул” деген тизмесине “тизилгендердин” катарынан ардактуу орун алат.
Рекетчилик жана “Белая лебедь”
1988-жылы талап-тоноо кылмышына катыштыгы бар деген айып тагылып, темир тордун босогосун аттайт. Чын эле Акматбаевдин бул жылдары жаштык-мастык менен ошол кездеги “Берөзка” сыяктуу акча алмаштыруу жайларына рекетчилик кылып, кылмыштуу ишке баргандыгын жокко чыгарууга болбойт. Болбосо, укук коргоо органы аны жөн жерден эле укуругуна илбейт болчу.
Айтор, бул маселеде дагы да терең иликтене элек жагдайлар бар экенин эске салабыз. Бул оор кылмыштардын катарына кирген соң, анын үстүнө КГБнын тизмесиндеги ашынган улутчул болгондугу да себеп болгонбу, айтор сот залында мамлекеттик айыптоочу Рыспекке катуу тартипте 12 жыл сураган. Натыйжада ал мөөнөттөн азыраак алат.
Колуна кишен салынган, мындан ары кылмышкер атка конгон Акматбаевди Кыргызстандын түрмөлөрүнө эмес, дароо эле Россиянын абактарына жөнөтүшөт. Россияда бир эле лагерде болбостон, бир нече лагерлерге которулуп турат. Ал жактан өзүн сындыруу үчүн катылган далай “зектердин” катыгын берет. Адам чыдагыс кыйынчылыктардын баарына чыдап, коркуу сезимине алдырган эмес. Кантсе да, мурунку десант, бокс боюнча машыктыруучу эмеспи. Анын даңкы өзү олтурган түрмөдөн башка түрмөлөргө да, атактуу “пахандарга”, “мыйзамдагы ууруларга” да тарай баштайт. Жөнөкөй түрмөдө тынч жүрбөгөндүгүнөн уламбы же “баш бербей кетет” деп кооптонуштубу, айтор акыры көбүнчө “мыйзамдагы уурулар”, чоң рекеттер олтурган атагы таш жарган, шарты өтө катаал «Белая лебедь» түрмөсүнө которулуп, ал жерде да бир катар жылдар “жашаган”. Бул түрмөгө түшкөндөрдүн баары тең (айрыкча, мурда-кийин аты угулгандар) СССРге эле эмес, дүйнөгө атагы чыккан “мыйзамдагы уурулардын” оор сыноолорунан өтүшкөн. Сыноодон татыктуу өткөндөрдүн бири Рыспек болду. “Белая лебедде” атагы ааламга, даңкы далайга кеткен мыйзамдагы ууру “Бриллиант Вася” менен бирге олтурганын бир маегинде учкай эскергени бар. Рыспек жалпысынан СССРдин түрмөлөрүндө 6 жыл олтуруп, 1990-жылдардын башында Кыргызстандын Беловодск айылындагы түрмөгө которулуп келип, ал жерден жарым жылдан кийин эркиндикке чыккан.
Рыспекти көп эле адамдар “мыйзамдагы ууру” болгон деп айта беришет. Ал эч качан “мыйзамдагы ууру” болгон эмес. Себеби, ага “мыйзамдагы ууру” болууга анын басып өткөн жолу туура келбегендиги белгилүү. Бул боюнча Рыспек өлөрүнө 7 ай калганда берген маегинде: “Мени 1992-жылы «такка отургузгулары» келишти, бирок, мен баш тарттым. “Мыйзамдагы ууру” армияда кызмат өтөбөшү керек, пионер, комсомол да болбошу керек. Мен пионер, комсомол болгом, институтту бүтүргөм. Мен СССРдин эң жашыруун аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөм” — деп айткан.
Рыспек “Белый лебедден” мурдагы Рыспекке окшобой, такыр башка мүнөз, башка максат менен чыгат. Өзүнүн кулк-мүнөзүндө лидерлик сапат болгондуктан, тегерек-четине аны колдогон оттон да, октон да кайра тартпай турган балдар топтолот.
Кыргызга бирөө керек эле…
Союз кулагандан кийинки алгачкы жылдары ишсиз калган тың адамдардын баары эле соода-сатыкка, бизнеске ооп кетишкенин жалпыбыз билебиз. Ошолордун арасында Рыспек да биринчилерден болуп өзүнүн балдары менен бизнеске басым жасаган. Өзүнүн айтуусунда Омск облусунан бензин ташып, көп киреше тапкан. Чынында 90- жылдардын баш жагында Кыргызстанда абдан оор мезгил болуп, ар бир тармакта, ал тургай турмуштун өзүндө укмуштай баш аламандык болуп турган көпчүлүккө маалым. Ал кезде Бишкекте ар улуттун өкүлдөрү өзүнчө “обңак” болушуп, бири-бири менен ачык дагы, тымызын дагы тирешип турушкан. Маселен, чечендердин, уйгурлардын, орустардын, корейлердин, даргиндердин, качиктердин чоң эле деңгээлдеги “обңактары” бар болчу. Аларда акча да, ар кандай курал да кенен болчу. Белгилүү болгондой, корейлердин “обңагынын” ана башында ОПГнын мүчөсү делген Роман Шин турган. Ал эми кыргыздардын “обңактары” алардын алдында али алсыздык кылчу.
Ошентип, “обңактар” баш көтөргөн байлар, ити чөп жеген ишкерлерге кадимкидей салык салып, “саап” турушкан. Баш ийбегендерин, алды менен жакалап, жалдыраса да жаагын талкалап, ал аз келгенсип башка-көзгө балталап, жаакташкандарга жалаңдатып бычак сунуп, жамбашын тилип туздап, жүлүндөп мууздап, жүрөк тушка уруп, зарлантып ыйлатып, заманасын кууруп турушкан. Мындай кордукту башка улуттардын “обңактарынан” көп эле кыргыздар көрүп, бейкүнөө өлүп кетишкенин тарых тандыра койбойт. Чынында андай кыйын учурда укук коргоо органдарынын “обңактарды” ооздуктоого анчалык алы келбей турган. Канчалык аракет кылышканы менен бейкүнөө өлгөндөрдүн саны азайган эмес. Бир “обңакты” ордуна койсо, дагы бир жерден экинчиси ордунан козголуп, баш бербөөгө кам көрүп, өз мүмкүнчүлүгүн арам жол менен күчөтүүгө бел байлап турушкан.
Мына ушундай оор кезде кыргызга, өзгөчө башка улуттардан кордук көргөндөргө эч нерседен тайманбаган, оттон да, чоктон да кайра тартпаган бирөө керек эле. Ошол тилек орундалып, бала кезинде пионер, эр жеткенде комсомол, бала кезинен берки спортчу, аброю артык ЖОЖдун студенти, бокс боюнча машыктыруучу, мурунку десант, рекет, зек-авторитет, бизнесмен, айтор ушул сыяктуу жолдорду таптаган, от болуп күйгөн жалындан да, жагымсыз болуп турган жамандыктан да качпаган, арам оюн ичине көп катпаган, каарына калгандарга мээрим чачпаган, өз мекенин оңой менен сатпаган, тамеки-нашаа тартпаган, душманына кара таандай каптаган Акматбаев Рыспек чыкты, баш көтөрүп…
Бирок, Рыспектин андай аракети ал кезде өзүнө эле эмес, балким көпчүлүк элге, айрыкча башка улуттардын “обңактардан” запкы жеген ишкерлерге, анын ичинде укук коргоо органдарына да керек болгон десек анчалык аша чаппайбыз. Анткен менен Рыспектин курч, өткүр балдардан топтолгон азыраак балдары болгон менен мүмкүнчүлүгү чоң эмес болчу. Андыктан, укук коргоо органдары жең ичинде таптап-баптап, кайсы бир деңгээлде жардам берип турушкан. Ошондой болсо да бул маселеде биринчи кезекте Рыспектин мекенге болгон патриоттугу да себеп болгонун баса белгилеп кетүү ажеп эмес. Белгилүү болгондой, Рыспектей “отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” ашкере кайраттуу адамдарды дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери мамлекеттин пайдасына илгертен пайдаланып келишкен. Бул темада мисалга тартчу сөз абдан көп. Бирок, Рыспек кимдин, кайсы укук коргоо органынын жана кайсы инсандын долбоору болгон деген суроо туулбай койбойт. Бул боюнча ар кандай божомолдор бар. Жалганы жок, чындык маалымат төмөнкүчө…
(Уландысы кийинки санда)
Айбек Шамшыкеев