Домой Криминал “Кара жолдон” кайтпагандар… “Криматалык” Рыспек Акматбаев. 9-серия

“Кара жолдон” кайтпагандар… “Криматалык” Рыспек Акматбаев. 9-серия

2361

(Башы өткөн сандарда)

Акматбаев менен Айдар Акаевдин тиреши

Албетте, Рыспек Айдарга айрым мүлктөрүн жөн гана тарттырып олтуруп калган эмес, болушунча каршылык көрсөткөн. Айдар ушул ж.б. маселеден улам Рыспектин көзүн тазалатып салууну ойлоп, өзүнө Рыспекке каршы болгон адамдарды жакындата баштайт. Алардын ана башында Рустам Габбасов (каймана аты Рустик Днепропетровский) жана чечендердин “общагы” турган.

Рыспек Акматбаев

Рысбек ал учурда бир топ ишкерлердин жана саясатта аралашып жүргөн айрымдардын бизнесине “крыша” болуп, алардын бийлик жана кримдүйнө багытынан соккон “катуу шамалынан” тосуп, чагылган чарт-чурт этип, “кара булут” айлана калган кезде, аны келген тарабына “кубалап” турган. Ал эми Акаевдин эрке талтаң баласы Айдар Акаевге дардаңдаткан даңгыр жолдон мындай күчтүү “тосмону” тоголото тээп, биротоло көздөн кайым кылып жоготушу керек эле. Башында Айдар: “Акматбаевди арыдан-бери кылам, керек болсо жети атасын таанытып, өзүмдүн командама алып, аны пешка кылып, өз кызыкчылыгыма колдонуп, кыпкызыл чокторду анын колу менен каалагандай шилтеп турам”, — деп ойлогону менен, иш жүзүнө келгенде, Рыспектин көзүн тазалоо оңой болгон жок. Ага өз сунуштарын айтып, арачы катары бир катар адамдарды да салып көрдү. Бир да жолу мааниси бар майнап чыккан жок. Акыры: “Мен эмнеден корком, бийликтин баары биздин колдо болсо, керек болсо Рысбекти мамлекеттик машине менен тебелетип салбаймбы”, — деп, анын бул оюна жанындагы көзү бүтүн, бирок көөдөнү сокур, кошоматтан башка эч нерсени билбеген жанжөкөр сөрөйлөр дагы кошулуп, Айдардын өзүн көбүртүп-жабыртып мактап, аны асманга канатсыз учуруп турушкан. Айдар ошентип, алгач Рыспектин Чүй көчөсүндөгү мурунку “Силку-Вей” аталышындагы чоң имаратын тартып алгандан кийин, ага ыраазы болуп токтоп калган эмес. Тескерисинче, Рыспектин өзүнүн ж.б. санаалаштарынын да кирешелүү бизнестерин ээлеп алууга билек түрүнө киришкен. Бирок, Рысбек айрым учурларда Айдардын “шестёркаларынан” кармап алып, аларды жүрөгүнүн үшүн алып, ызалап туруп, Айдарга “ысык” салам айттырып тургандыгы боюнча маалыматтар айтылып жүрөт. Өзүн дүйнөдө жок укмуш адам сезген Айдарга Рыспектин минтип тиш кайрып, тилин укпай жаткандыгы такыр эле жаккан эмес. Ошондуктан, Рысбектин “кандаш” душманы Габбасов Рустам менен жакшы мамиле түзөт. Максаты — ал аркылуу Рыспектин көзүн тазалоо болчу. Бул эми 2000-жылдардын башындагы Рыспек, Рустам, Айдарга байланыштуу кримкырдаал эле. Окуя 2-3 жыл өткөн соң мындан да курч мүнөздө өөрчүйт, ага да кенен кайрылабыз, ага чейин, буга дейре айтылбай кеткен, Рысбек ж.б. кримлөктөргө, таасир талашуунун айынан курмандыкка чалынып кетишкен спортчулар тууралуу, тагыраагы 1995-жылдардын тегерегинде болуп өткөн окуяларга кайрылып, аларды да бир ирет иликтеп  өтөлү…

 

Юра Маслов жана “Паханчик”

1995-жылдарга чейин “кримавторитет” (айрымдар аны “мыйзамдагы ууру” болгон деп да айтышат, айтор бул жагы так эмес”) катары аты катуу чыгып, кримдүйнөнүн өз мыйзамдарын бузбай, (азыркыдай баш аламандыктарга жол бербей) калыс чечимдерди кабыл алып, сөзүнө бекем турган Юра Маслов деген адамды көпчүлүк али да унута элек болсо керек. Ал учурунда кримдүйнөдөгү казынаны толугу менен кармап, ортого келип түшкөн акчаны тиешелүү жерге калыс бөлүштүрүп берип турган. Ал азыркылардай алдына 5, артына 5 жан сакчы салып, өзүн кайтарууга алдырткан эмес. Чынында анын эң жөнөкөй адам болгонун, “кримавторитет” экенин баары билишет, бирок ал көчөдөбү, башка жактабы, өзү жалгыз эле жүрүп, көп эле учурларда Бишкектин көчөлөрүндө эл менен аралашып, жөө басып жүрчү . Кыскасы, Юра азыркы “ворлордой” өзүнө ашыкча салтанатты жасаткан эмес. Анын оң колу, кримдүйнөдө сөзү эң күчтүү болуп, тилинен чаң чыккан чечен катары таанылган, каймана аты “Паханчик”, өз аты Рысбек Керимбаев деген адам болгон. Ал бала кезинен бир катар кылмыштарды ийгиликтүү ишке ашырып, узак жылдар бою түрмөдө олтуруп, ал жакта татыктуу жүрүп, ушундай “каймана” атка ээ болуп чыккан. Чынында ал эркиндикке караганда түрмөдө көп олтурган. Бирок, түрмө мыйзамы менен жашап, кадыры бийик “кримавторитет” болгону менен, “мыйзамдагы ууру” статусуна жетип, кримдүйнөнүн тагына олтурган эмес. Ошондой болсо да ал Маслов менен тең тайлашып, ошого тете жүргөн. Бул адам чырлуу маселелерди ташка тамга баскандай күчтүү сөздөрү менен чечип, кепке келбеген кежирлерди бат эле башына айлантып, ийге келтирип, керек болсо сөз менен “сындырып” койчу экен. Ал кезде кримдүйнөдөгү бир да “сходка” “Паханчиксиз” өтпөгөндүгү тууралуу маалыматтар бар. Ал “сходкада” дайым төрдө олтурчу, жанына башкалар жакын олтуруучу эмес.

 

Алканов Рашидди Рысбек эмес, Рустам өлтүрүп…

Ушу күнгө чейин чоң ишкер Райкан Алкановдун баласы, оңой эмес “кримавторитет” Рашид Алкановду кимдер өлтүргөндүгү боюнча ар кандай кептер айтылып келет. Гезиттин мурунку сандарында Рашид тууралуу эки ооз гана жаздык эле. Эми дагы бир аз кеңири кеп кылалы. Рашид Алканов бала кезинен спорт менен машыгып, өтө намыстуу, күчтүү болуп өскөн экен. Спорт анын өмүрүнүн эң негизги өзөгүн түзгөн дешет аны жакындан билгендер. Бирок, Рашид спортчу катары көпчүлүккө жакшы таанымал болгону менен, кримдүйнөгө да кирип-чыгып, аралашып калган жайы бар. Себеби, ал өсүпүрүм кезинде кылмыштуу ишке барды делип, түрмөдө “малолеткада” олтуруп чыккан. Андан кийин дагы бир катар кылмыштарга шектелип, түрмөгө түшүп, айтор ал жактын “даамын” жакшы эле татыйт. Спортчу болгондуктан уламбы, айтор түрмөдө көпчүлүктүн оозуна алынып, мактоосуна татып, айтор татыктуу жүрөт. Ал эркиндикке чыкканда союз тарай элек жылдардан Юра Маслов, “Паханчик” ж.б. менен жакшы мамиледе болгон.

Рашид дагы “Паханчик” өткөргөн “сходкалардын” баарына болбосо да, айрымдарына катышып турган. Негизи эле башынан Юраны сыйлап (баш ийип дегендей), айрым иштерине жардам берип турган.1995-жылдары Маслов 60ка чыга элек кезинде оорудан улам кайтыш болот. “Паханчик” болсо кийинчерээк эле, (Бишкектин Карпинка көчөсүндө жашап жүрүп) 60ка жетпей өз ажалы менен, жашы өйдөлөп калган кезде, ден соолугу начарлап (убагында жакшы эле чеккен, ичкен,  түрмө анын ден соолугун соргон дегендей) кайтыш болгон. Аны кимдир бирөөлөр атып кетишкен деген маалыматтар туура эмес. Айтмакчы, кримдүйнөдө “Батя Караколский” деген ат менен белгилүү болгон инсан (бул кишинин атын атоого азыр болбос) “Паханчик” менен жакшы мамиледе болгон. “Паханчик” сөзгө кандай чечен болсо, ал да ошондой чечен болгон. Анткени, ал өтө билимдүү жана чыгармачыл адам болгон. Карамүртөздүккө каршы чыгып, калыстыгы менен көпчүлүккө жагып, кутурган саясатчыларды анча-мынча кустуруп, ал тургай бир топторго бул жагынан үлгү да болуп келген. Бул адам тууралуу да алдыда дагы бир катар кызыктар бар.

Рашид Маслов өлгөндөн кийин көтөрүлүп, өзүнчө лидер болуп чыгышкан: Рысбек, Рустам, Азиздердин бирине да кошулган эмес. Ал тургай аларды тоготуп, алардын агымы менен кетпегендигин көпчүлүк билет. Бирок, Рашидди көпчүлүк Масловдун ордун басат деп күтүшкөн. Ал төш кагып, өзүн кыйын сезишкен башка улуттагы Азизди, Рустамды ж.б. ордуна коюп койгон. Көп учурда Рашид аларды досу Супатаев Алмаз экөө мушташ эмес, “понятие” менен жолуна салып, жоошутуп турган. Алардын мындай мамилеси көпчүлүккө, анын ичинде Рысбекке да, айрыкча Рустамга да жаккан эмес. Анткени, Рустам “мыйзамдагы ууру” болууга жаштайынан эле максат кылып, ага жетүү үчүн бар аракетин көрүп турган. Айтор, эч кимдин “бандасына” кошулгусу келбеген, өзүнчө эч кимге баш ийбей жүргөн Рашид Алкановду Рустам Габбасов ыңгайын келтирип, артынан аңдып жүрүп атып, жаны тынат.  Бул чынында көбүрөөк чындыкка жакындаган маалыматты из кубарлар жакшы эле билишкен. Бирок, негедир Рашиддин өлүмү боюнча кылмыштын бети толугу менен ачылбай калган.

Ал эми Рашидди Рысбек өлтүргөн деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Муну да чаташтырбай биле жүргөнүбүз оңдур.

(Уландысы кийинки санда)

Айбек Шамшыкеев