Домой Криминал “Кара жолдон” кайтпагандар… “Криматалык” Рыспек Акматбаев. 8-серия

“Кара жолдон” кайтпагандар… “Криматалык” Рыспек Акматбаев. 8-серия

2987

(Башы өткөн сандарда)

Айдар Акаевдин кызыкчылыгы

Айдар Акаев1998-2000-жылдарга жакын Рыспектин капчыгы мурункудан да калыңдап, бир топ байып баштайт. Ошол кезде Акаевдин бийлиги мамлекеттик завод-фабрика, ар кандай имараттарды дүңүнөн менчиктештирүүгө өткөрүп, текейден арзан баага туш келди сатып жатышкан. Мындай акылсыз саясатты кримдүйнөдө жүргөндөр да пайдаланып калышкан. Аларды тизмелесек болот эле, бирок ал темага кайрылбай туралы. Аскар Акаевдин баласы Айдар Акаев ошол жылдары “өнөрү чыгып”, байлыкка көз кызартуу жагынан алдына киши салбай, өзүнүн жан-жөкөрлөрү жана эң башкысы, “мамлекеттик машине” аркылуу жагып калган имараттарды, кирешелүү бизнестерди тартып ала баштаган болчу. 1996-жылы Рыспек Чолпон-Атада чоң той бергенден кийин, Айдар ал тууралуу маалыматтарды топтоп, эң ириде анын мүлкүнө кызыгып, арам оюн акырындык менен ишке ашырат. Бул тууралуу кийин Рыспек Акматбаев дагы өз маегинде: “Бензин, кант. Союз таркагандан кийин мен алгачкылардан болуп жеке бизнес менен алектене баштагам. Омскийлик досторум мага бензин алып келишчү. Алар муну менен жакшы акча тапса болоорун көрүп алышып, менден баарын тартып алышты”, — деп айтканы бар. Бул сөздөр канчалык деңгээлде чындык экенин биз биле албайбыз. Бирок, бир билгенибиз, азыр Чүй-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мурунку “Силку-Вей” (азыр башка аталышта) башында Акматбаевге таандык болгону ырас. Кийин Айдар атасынын бийлиги күчүнө келип турган кезде, Акматбаевдерден болгон “азуусун” көрсөтүп алып койгондугун көп адамдар айтып жүрүшөт.

 

Алмаз Бокушев Кыргызстандагы биринчи “общакпы?”

Бул ысымды жалпы Кыргызстан эң жакшы билет. Анткени, Алмазды көпчүлүк кримдүйнөдөгү лөктөрдүн бири катары таанышат. Бокушев 1990-жылдардын башында көпчүлүккө спортчу катары жакшы таанымал боло баштаган. Кайсы жылдары экенин так айтуу кыйын, бирок 1995-жылдарга чейин Акматбаев менен жакындан тааныш болуп, аны менен бирге кыргызга кыр көрсөтүп келишкен башка улуттардагы “общактарды” тазалоого, алардын мизин кайтаруу маселесине активдүү катышкандыгы айтылат. Чынында, бул маселеде Рыспекти Рыспек кылган ошол кезде “инкупту”, Спорт жана физкультура институтун бүтүргөн спортчулар болгонун четке какпашыбыз керек. Рекетчилик, башка улуттардын “общактары” күчөп, көбүнчө кыргыздарга, айрыкча соода-сатык, бизнес менен шугулдангандарды тузакка илишип, айтор бир топ баш аламандык болуп турган кезде спорт менен олуттуу түрдө машыгышкан кыргыз жигиттеринин башында лидер жок болгонун, анан Рыспек “Белый Лебедь” түрмөсүнөн чыгып келип, алардын баарынын башын бириктирип, өзү чечкиндүү түрдө лидер болуп чыга келгенин жаздык эле. Рыспек “общакта” өзүн татыктуу алып жүргөндөрдү абдан сыйлачу. Татыктуу жүргөндөрдүн бири — Алмаз Бокушев болгон. Бул адам ошол учурларда Чүйдүн жогорку аймагын көзөмөлдөп, чектен чыккандарды колго-бутка чаап, тартип орното баштаган. Буга бир мисал келтирели.

***

1990-жылдардын башында Кара-Балта спирт заводу дээрлик Кыргызстанды спирт менен камсыздап, укмуш күркүрөп иштеп турган эле. Белгилүү болгондой, ошол жылдары спирт менен бизнес кылгандар абдан көбөйүп кеткен. Чынында кезинде спирт бизнеси менен бутка туруп, кийинчерээк башка бизнестерге өтүп, акырындык менен чоң саясатка аралашып кеткен саясатчылар азыр да көп. Алардын аттарын бул жерге жазбай эле коёлу. Кыскасы, кыргызда спирт сатмай, аны да жөн сатпай, суу куюп көбөйтүп сатмай өзүнчө эле “модага” айланып кеткен. Эсимде, 1993-1995-жылдары айылдарда аракты жакшы көргөндөр короосунан бир кой жетелеп чыгып, аны болгону 4-5 аракка айырбаштап жиберип, өздөрүнчө жыргап калышчу, “бейишке” киргендей болушуп. Себеби, арактын баасы кымбат, койдуку ошончо арзан эле да.

***

Кара -Балтадагы спирт заводун Ибраимов деген көп жылдар бою жетектеди. Анын учурунда спирт заводунан пайда табалы деген “кызылдар” да, “каралар” да, саясатка аралашып жүрүшкөн саясатчылар да заводдун тегерегинде сагалап жүрүшкөн. Өздөрүн өтө кыйын сезген үч тармактын өкүлдөрү сагалаган жерде, кантип тартип болсун. Үчөө үч башка жерге тартып, өз билгендерин кылышары анык да. Заводдо чынында эле ошондой болгон. Жетекчи баарына тегиз жага албай же баарынын көңүлүн бирдей ала албай же темирдей катуу тартип орното албай, ортодо бир топ чайналган. Ал эми кезек талашып жана бир аз арзан баада алгысы келгендер туз сураган койлордой жанталашып, бирин-бири тебелеп турган кезде, ал жерге Алмаз Бокушев өз ыкмаларын колдонуп, өз жолу менен тартип орното баштайт. Акырындык менен спирт алчулардын баары болбосо да көбү жетекчи Ибраимовго эмес, спортчу Бокушевге бара башташат. Бокушев чындап эле алардын маселесин калыстык менен чечип, өзүнчө эле заводдогу “серый кардиналга” айланат. Анын мындай өзү билемдиги Ибраимовго жакпайт же Алмаз менен тил табыша албайт. Акыры бийликтин күчүн колдонууну көздөп, аты белгилүү эле бир прокурордун күчү менен Бокушевге жолдорун таап кылмыш козготуп, түрмөгө каматат. Сот иштери көпкө созулуп, аны көп жылга каматууга далилдер жетпей жаткандыгы көп ирет айтылат. Ошондой болсо да бир жыл дегенде Алмаз эркиндикке чыгат. Мына ошол кезде Бокушев тууралуу ЖМКлардан көп маалыматтар айтылып турган. “Алмаз Бокушев биринчи спорттук общак” деген сөз да гезиттерге чыгып, ал сөз эл арасында кеңири айтылып калган.

***

Бокушев Акматбаевдин тобунда болгону менен башкалардай Рыспекке анчалык жагынуу иретинде, акелеп-жакелеп кошомат айткан эмес. Бирок, кезинде Рыспектин бир топ колдоосун алганы айтпасак да көпчүлүккө белгилүү. Аны өзү деле четке какпаса керек. Ошондой болсо да экөө бирин-бирин сыйлап, бири- бири менен эсептешип турушкан. Бирок, Рыспек менен Алмаздын мындай ынтымагы көпкө созулган эмес. Ал тууралуу да кеңири сөз кылабыз.

 

Акматбаев менен Айдар Акаевдин тиреши

Албетте, Рыспек Айдарга айрым мүлктөрүн жөн гана тарттырып олтуруп калган эмес, болушунча каршылык көрсөтүп, атүгүл Айдардын досторун “тарбиялап” койгон да учурлар болгон дешет. Айдар ушул ж.б. маселеден улам Рыспектин көзүн тазалатып салууну ойлоп, өзүнө Рыспекке каршы болгон адамдарды жакындата баштайт. Алардын ана башында гезитибиздин өткөн санында баяндап жазгандай, Рустам Габбасов ( каймана аты Рустик Днепропетровский) турган. Габбасов менен Айдар Акаев…

(Уландысы кийинки санда)

Айбек Шамшыкеев