Рыспек жана Рустам Габбасов…
1996-жылы Рыспектин аты алыска угулуп, “кара дүйнөнү” толугу менен калчылдата баштаган кезде, аны жок кылып, көзүн тазалагысы келгендердин саны көп боло баштаган. Рыспекке үстөмдүк кылгысы келгендердин бири — Габбасов Рустам Ильшатович тууралуу кененирээк кеп кылсак болот.
Бул адамдын улуту уйгур. 1974-жылы Бишкекте туулган. Атасы бай адам болгон. Рустам өзү да ар нерсеге шыктуу болуп, акча табуу, жок жерден акча жасоо ишине жаштайынан уста болот. Туугандары, достору менен бирдикте малдын терилерин арзан алышып, эки эсе кымбат сатышып, чоң пайдага туйтунушуп, тез эле байышкан. Бишкектин борбордук көчөлөрүнө жакын жерлерге ар кандай курулуштарды жүргүзүп, кафе, чайханаларды ачышкан. Габбасовдорго тиешелүү делген имараттардын бири — Совет менен Донецк көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Монгол” деген кафе болгон. Азыр бул кафенин аты да, ээси да башка болсо керек. Рустам жаш кезинде жөн жүрбөй, өз достору менен кылмыштуу иштерге барып, анын кесепетинен жашы жете электердин түрмөсүнө бир топ убакыт “түнөп” чыккан. Кайсы жылдары экенин так билбейт экенбиз, жаңылбасак, 1990-жылдардын башында Россияга кетет. Ал жерде да жөн жүрбөй, “кара дүйнөгө” түздөн-түз катышып, кримавторитеттерге өзүнүн ар кандай кылмыштуу иштерге жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүгө жетишет.
1994-жылы Габбасовго А.Исаев, (каймана аты Роспись) А.Захаров, (каймана аты Шурик Захар) Д.Цихелашвили, (Дато Ташкентский) В.Шестаков (каймана аты Слива), А.Петров (каймана аты Петрик) деген кримавторитеттер тарабынан Россияда “мыйзамдагы ууру” статусу берилип, такка отургузулган деген маалымат бар. Бирок, бул маалыматты четке кагышып, чоң “кримлөктөр” атайы гана “жасалма” (подставной лицо) түрдө анын даражасын көтөрүп коюшкан деген да кеп айтылып калат. Арийне, бекер жерден чыкпаса керек. Болбосо, 19 жашында ким эле толук кандуу жана көз карандысыз “мыйзамдагы ууру” статусуна жетишсин? Мындай көрүнүш кримдүйнөдө дээрлик жокко эсе. Анын кримдүйнөдөгү каймана аты Рустик Днепропетровский болгон. Негизи уйгур улутундагылардын “общактары” башка улуттардын “общактарына” салыштырмалуу оңой менен жемин жедирбей кыйла тың болгонун айтып коюшубуз абзел. Бул саны аз, анын үстүнө өз мекени жок улуттар өтө ынтымактуу болот окшобойбу. Буларың кыргыздардай болуп анчалык көралбастыкка басым жасабай, бири-бирин чукушпай, керек болсо бирин-бири укмуш колдоп кетмей жагынан оңой менен алдына киши чыгарышпайт экен. Мындай көрүнүштөрдү баарыбыз эле кримдүйнөдөн эмес, жай турмуштан да көрүп жатпайбызбы.
Кайра мекенине кайтпай калган “каралар”
Ошентип, Рустам 1994-жылдардан тартып, өзүн бир топ жогору сезип, айтор Кыргызстандын кримдүйнөсүндө өзүн №1 адам катары коюп келген. Ал Кыргызстанда Рыспектин атагы угулуп баштаган кезде: “Рыспек кандай болгон күндө да мага баш ийет” — деп терең ишенип, ал ишенимин иш жүзүндө көрүп туруу үчүн Россиядан өзүнүн “смотрящий”, “положенец”, ал тургай “мыйзамдагы ууру” деген статусу бар, бирок жалпы эле кримдүйнөдө кадыры анчалык бийик эмес досторун (көбү уйгурлар болушкан) Кыргызстанга, так айтканда Рыспекке байма-бай жөнөтө берет. Алардын максаты — Рустамдын арты менен Кыргызстандын каалаган жеринде каалашынча эс алып, каалаган ишин кылып кетүү эле. Ал эми аларга андай шарттарды түзүү, чыгымдарды жабуу маселеси Рыспектин мойнуна илинген десек болот. Бул маселеде Рыспек Рустамдын канча досун Кыргызстандагы максатын ишке ашырууга жол берип, аман-эсен жөнөткөнүн так биле албайбыз. Бирок, бир билгенибиз, ал Рустамды укмуштуудай кримавторитет көрчү эмес, андыктан алгачкы мезгилдерде ооз жүзүндө “макул, сеники чын, братишка” деп койгону менен Россиядан келген анын досторун башкача “сыйларга” болушунча тойгузуп, экинчи Кыргызстанга келбегендей кылып узатып турган. Ал тургай айрымдары өз өмүрлөрү менен да кош айтышып, кайра кайрылып Россияны көрбөй калышкан деген да маалыматтар бар. Ошентип, Габбасов Рыспектин “сыйын” өз досторунун оозунан угуп, андан кыйла сестенип, досторун да жибербей калат. Мындай окуялар алыс-жакын өлкөлөргө чейин ар кандай деңгээлде угулуп, Кыргызстанга көзүн кызартып жүрүшкөн далай “мыйзамдагы ууруларга” кооптуу коңгуроо болуп калган.
Рыспекти кафеден гранатомёт менен атышып..
Жылын так жазбай эле коёлу, жакындатып айтканда 1995-жылдардан кийин Рыспекке кол салуу болот. Жөнөкөй кол салуу эмес, элдин үрөйүн учурган окуя менен коштолот. Ошол жылы жай айларында Рыспекке өчөшкөндөр аны азыркы (мурда аты башка болгон, жаңылбасак “Тянь-Шань”) “Тюбетейка” кафесинде тамактанып отурат деп угушуп, ал маалыматты текшербей туруп эле, машине менен келишип, кафенин терезесин туштап, гранатомёт менен атышат. Кудай жалгап, ал кубаттуу куралдан чыккан ок терезени, анын каршысындагы дубалды жарып өтүп, кафенин артына түшүп жарылат. Ал жардыруудан эч ким зыян тартпайт. Рыспек каршылаштарынын өзүнө кол салганын бир аз мурдараак угуп калып, ал жерден чыгып кеткен болуу керек же чындап эле Кудай сактап, гранатомёттун огу ал олтурган жерге жетпей, башка багытка барып жарылгандыр.
Бул жерден Рыспекти жок кылабыз деген баш кесерлер да башын жакшы иштетишкен эмес же суу жүрөктүк кылып, текшербей эле туш келди атып, куйруктарын түйүп качып кетишкен. Же Рыспектин жүрөгүн түшүрүп, калчылдатып коёбуз деп ойлошкон. Айтор, бул божомолдордун кайсынысы туура экенин көпчүлүк жакшы билбейт, ал тургай бул кылмыш окуяны иликтеген тергөөчүлөр, “оперлер” да оңдуу айтып бере алышпайт. Себеби, окуянын чыныгы “картинасы” белгисиз бойдон калган. Бирок, Акматбаевге чынында эле ушундай бир кол салуу болгонун карапайым калктын көпчүлүгү билбейт. Анан окуянын эртеси көндүм көрүнүштөй болуп, ар кандай божомолдор айтылган. Көпчүлүгү бул кол салуу Рустам Габбасовдун колунан келди дешсе, дагы бир тобу чечен “общактарынын ” чечкиндүү кадамдарынын бири болду деген бүтүм чыгарышкан. Бул жерде башка топтордун дагы катыштыгы бар экенин четке какпашыбыз абзел. Ал топтор тууралуу маалыматты азырынча токтото туралы. Неге дегенде Рыспекке Габбасов жана чечендерден да башка тиш кайрап жүргөн топтор болгон. Алар да аны жок кылып, алдыга суурулуп, “кара дүйнөдө” өз таасирлерин арттырып, биринчи болгулары келишкен.
* * *
Рустам көп учурда Москвада болгондуктан Кыргызстанда анын таасири ченелүү гана болгон. Ошондой болсо да, өзүн кыргызстандык катары сезип, өзү туулуп- өскөн өлкөдөгү “кара дүйнөдө” болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабай, мүмкүн болушунча түздөн-түз катышууга аракет кылып келген. Бирок, анын ой-максаты айрым учурларда гана ийгиликтүү болбосо, көп учурда өзү ойлогон деңгээлдегидей ишке ашкан эмес. Анын үстүнө Габбасов 1995-жылдан бери адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн. Өлгөн адамдын жанынан Рустамга тиешелүү делген, бирок эч кандай сандык көрсөткүчтөрү (номуру) жок тапанча, 4 гильзасы менен табылган болчу. Ошондой болсо да Рыспектин бир айласын таап, көзүн тазалоого белсенип турган кезде, тагыраагы 1997-жылы 26-декабрда Россиянын ИИМинин из кубарларынын кезектеги текшерүүсүндө Москванын Мир проспектисиндеги “Космос” мейманканасынан колго түшөт. 29-декабрь күнү аны Останкино соту 6 айга кесет. Рустам 6 ай абакта жатып чыгат да, жедеп көнгөн кара иштерди ийгиликтүү ишке ашыра берет.
(Уландысы кийинки санда)
Айбек Шамшыкеев