Домой Криминал “Кара жолдон” кайтпагандар… “Криматалык” Рыспек Акматбаев. 13-серия

“Кара жолдон” кайтпагандар… “Криматалык” Рыспек Акматбаев. 13-серия

2510

(Башы өткөн сандарда)

Гезиттин өткөн сандарында 1990-жылдардагы криминалдардын эң алгачкы курмандыктарынын бири спортчу Канат Сыдыков (спорттогу каймана аты “Аюу”) тууралуу бир аз жаздык эле. Эми окурмандарга анын кайгылуу өлүмүнөн толугураак кабар берели.

Рыспек Акматбаев

Бул инсан жаштайынан өрт жигит болуп өскөн. Спорт интернатын бүтүп, кыска убакыттын ичинде спорт мастери болуп, ар кандай көрсөткүчтөр боюнча чемпион болуп жүрдү. Бирок, 1990-жылдан кийин баш аламандык өкүм сүрүп, көп спортчулардын катарында болуп мамлекет тарабынан бааланбай кетти. Ал кезде мамлекет спортчуларды эмес, өзүнүн этек-башын жыйнай албай, араң эле турган. Ошол кезде Канат машыктыруучу болуп иштеп турду. Бирок, союз ыдырагандан соң, машыктыруучунун айлыгы менен жашоо кыйын болуп, көптүн катарында анча-мынча бизнес кылууга киришет. Ал 1991-жылы 24 жашында үйлөнөт.

Эгемендүүлүк менен кошо өлкөгө ээнбашчылык, баш аламандык кошо келди. Узак жылдарга созулган жыргал заман, куурал заманга айланып баратканын көпчүлүк анчалык аңдабай калышты. Өлкөнүн экономикасы тез эле эңшерилип, бийликтин элге, анын ичинде спортчуларга көңүл бурууга шаасы жетпей калды. Ушул себептен улам, келечегинен көптү үмүттөндүрүп, күчү ашып-ташып, эл аралык мелдештерге, дүйнөлүк чемпионаттарга катышууну эңсеп, урушарга жоо таппай, баралына келип, тапталып турушкан Канат сыяктуу чыгаан спортчулардын шаабайы сууп, мамлекеттен колдоо күтпөй, өздөрү менен өздөрү болуп калышкан эле.

 

Ханапи Чегировдун “өтүн” алганда…

1995-жылдары криминал күчөп баштаганда ошол кездеги кыргыз спортчуларынын айрымдары алардын агымы менен кетишсе, айрымдары аларга баш ийген эмес. Ошол баш ийбей, өз алдынча эркин жүрүп, өзүнүн чакан бизнесин эркин жүргүзгөндөрдүн бири Канат Сыдыков эле. Чынында Канатта коркуу деген сезим такыр болбогонун анын достору баса белгилеп айтып жүрүшөт. Эч нерседен кайра тартпай, намыс дегенде жанын берчү дешет. Анын мындай өжөрлүгү, оңой менен душманына, жоолашканына алдырбас кара күчтүн эси болгондугун аны жакшы билгендер баары билишчү экен. Ал кыргыздын намысы үчүн чечен, уйгур  баштаган бир катар башка улуттардын “общактары” менен далай ирет кармашып, алардын төш кага сүйлөп, кол көтөргөндөрүнүн атасын таанытып, аты бир топ жерге угулган. Анын мындай “дерзкий” жүрүшү Рустам Габбасов баштаган бир катар кримавторитеттерге жаккан эмес. Рысбек менен башында чогуу эле жүргөн, андай болгон менен Канат андан бир топ кичүү болчу. Рысбек Канаттын кандай жигит экенин жакшы билген. Ал тургай чогуу жүргөндөн кийин, кандай да болбосун мага баш ийет деп эсептеген. Бирок, “Аюунун” баш ийбегенин бир окуядан улам көп адамдар айтып жүрүшөт. Кайсы бир талаш маселеде Рысбек менен келише албай, аны көпчүлүктүн көзүнчө жакалап койгон деген маалыматтар азыр да айтылып жүрөт. Бул кептер да бекер жерден айтылбаса керек.

… Канат 1993-1994-жылдары улуту башка Ханапи Чегиров менен мушташканы али күнгө чейин айтылып келет. Чегиров өзү кримдүйнөдө салмагы бар, беттегенин бербеген, өтө күчтүү, зор денелүү экен. Анын кебетесинен эле жазганышып, баары болбосо да көпчүлүгү каршы сөз сүйлөшүшчү эмес дешет. Мына ушундан улам ал дагы өзүнө өтө эле ишенип, дөөгүрсүп каалаган ишин кылып көнө баштайт. Бир ирет Ханапинин өзүм билемдигинен улам Канат аны менен чаламандын чак түшүндө көпчүлүктүн көзүнчө мушташа кетет. Экөө бир топко алышып, акыры “Аюу”  локуйганЧегировду көтөрүп чаап, көзүнөн от чагылдырып, өпкөсүн үзүп, жети атасын таанытып, аз жерден жерге киргизип коё жаздайт. Бирок ошол оңой эмес кармашта, “Аюунун” колу сынган экен. Анткен менен кокуйлап жатып калбай, намысты колдон чыгарган эмес. Мына ушундан эле анын чыдамкайлыгын, өжөрлүгүн байкасак болот.

Дагы бир ирет Канаттын инилери Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринен чечендер менен уруша кетет. Алар 3-4 экен, бир нече чеченди төпөштөп жолго салышат. Аңгыча көп өтпөй аркасынан 2 машине чечен келип, алдыларынан чыгып, аянбастан, эч нерсеге карабастан, өч алуу максатын көздөп кызыл кыргынды салышмакчы болот. Кыргыз жигиттер да эч нерседен тартынбай болушунча каршылык көрсөтүүгө камынып калышат. Бирок, ошол топ чечендин көптү көрүп калган улуурагы 3-4 кыргызды сабардан мурун сурайт:

-Кайдан келген немесиңер?

Мындай суроону уккан кыргыз жигиттери чыдабай:

-Кыргызбыз. Өзүбүздүн жерибизде, өзүбүздүн элибизде жүрөбүз.

-Эмне биздин балдарды урасыңар?

-Өздөрү тийишсе, карап турмак белек.

-Андай болсо силердин таянган кишиңер бар окшойт го…

-Бар…

-Ким ал:

-Канат Сыдыков спортчу…

-“Аюубу”?!

-Ооба.

-Андай болсо, биз аны жакшы тааныйбыз. Демек, силер менен мушташып болбойт. Биз кетип калалы. Бул майда чыр ушул эле жерде калсын, — дешип чечендер бир заматта кетишет. Ал кезде жашыраак жигиттер Канат Сыдыковдун авторитети мынчалык экенин жакшы билишчү эмес экен. Көрсө, Сыдыков далай ирет чечениби, башкасыбы, айтор өзүнө каршы чыккандарды жана жалпы эле кыргыздарга жаман сөз айтып, кол көтөргөн башка улуттагыларды “уктата” чаап, бир топ көпкөндөргө көргүлүктү көрсөтүп келген экен.

Ошол күнкү болгон окуяны бир эрдик жасаган жигиттер Канатка айтып келишет. Канат аларды угуп олтуруп, мындай деген экен:

-Өзүңөр кыргыз болуп туруп, кыргыз жеринде жүргөн башка улуттардын биринен да коркпогула, алар тийишсе, намыс үчүн кашык каныңар калгыча мушташкыла. Намысты алдырып кыргызбыз деп кыргыз жеринде кантип басып жүрөсүңөр. Ошончолук алыңар жетпей баратса, мага айткыла, мен турам. Алар менен мен өзүм эсептешем, — деген экен. Мына, чыныгы кыргыз намысына жарай турган жигиттин эркекче сөзү деп ушуну айтса болот.

 

40 мүнөт кансырап жаткан…

Канат Сыдыковдун өлүмүн азыр да ар ким ар кандай айтып жүрүшөт. Ал айтылгандардын көбү чындыкка жакындашпайт. Чындыкка жакыныраагы мындай болгон экен:

Канат ал кезде үйлөнүп, бала-чакалуу болуп, Бишкектин Көк-Жар кичи районунда өзүнүн үйүндө жашап турган.

1995-жылы өлөрүнө 4-5 күн калганда күз айларында өз иштери менен Канат Москвадан келген болот. Анын келишин 3-4 күндөн бери чыдамсыздык менен күтүп жүрүшкөн 4 бала (Канаттан улуураак таластык спортчу балдар) анын үйүнө жардам сурап ыйлап келет. Алар казактарга көп акча карыз болуп калышат. Акчаны өндүрүү максатында ал балдар Рысбекке да кайрылган деген маалыматтар бар. Кыскасы, Канат өзүнө жардам сурап кайрылган балдарды ээрчитип алып, акча маселесин чечиш үчүн “разборкага” келет. Белгиленген жерге бир аз кечигип келишет. Ошондо аларды бир аз күтүп калган, тиги тараптын билермандарынын бири таластык жигиттердин бирин башка чаап жиберет. Аны көрүп чыдабай кеткен Канат, башка чапканды жакалап, муунтуп:

-Мен жүргөн жерде таластыктарды чаппай жүр, — деп бир сыйра каарын төгөт. Аңгыча  экөөнү ажыратып бир топ балдар ортого түшүшөт. Экөөнү элдештиребиз деп демилге да көтөрүшөт. Бирок, бир топтору: — Эртең эле тил табышат, болбогон нерсеге да таарынышмак беле, — деп тим болушат.

Айтор ал күнү маселе чечилбей, эки тарап жакшы тил табышпай тарап кетишет.

* * *

Ошол окуядан эки күн өткөндөн кийин Канат күндүзү бир топ досторуна жолугуп, алардын айрымдары менен сыр чечише сүйлөшүп, түнкү саат он экилерден өтүп калганда машинесин жай айдап, келечекке көп максаттарды коюп, аларды ишке ашыруунун аракеттерин ойлоп үйүнө келатты…

Ойго алаксып отуруп үйүнө тез эле келип калганын да анчалык элес албады. Үйү көп кабаттын алдыңкы кабаттарында эле, машинесинин гаражы да үйүнө жапжакын болгон. Гаражына жакын барып, машинесинен түшүп, бир аз басканда, арттан:

-Канат, токтосоң, — деген үндү угуп, артка кайрылат. Үч караан шашпай басып келишет. Ал балдар Канат тааныган балдар болот. Төртөө 10-15 мүнөттөй сүйлөшөт. Ортодо эмне сөз болгонун айтуу кыйын. Кыязы, алар баарылап Канатты бир нерсеге көндүрө албаган өңдүү…

Алардын сөзүн ошол жерде жашагандар, көп кабат үйдүн балконунда жатаар алдында тамеки чегип турган айрым эркектер баарын көрүп, баарын угушат.

Аңгыча төртөөнүн бирөө Канат менен коштошмокчу болуп, аны кучактап, койнундагы тапанчасын алып чыгып, Канаттын көкүрөк тушуна такап атат, бирок ошол көз ирмемде Канат бир нерсени сезгендей колун серпип жибергенде, тапанчадан атылган ок анын чыканактан өйдөрөөк булчуңуна кадалат. Экинчи жана үчүнчү ирет атылган ок ичке тийет. Канат чалкасынан күп жыгылат. Үч караан ушуну эле күтүп тургандай түн жаңыртып, айланага бүлүк салып, жол жээгинде номуру жок “Волгага” түшүп, катуу айдап жок болушат. Үч жолу атылган октон Канаттын кошуналары баары болбосо да бир тобу эшикке атып чыгышат. Милиция, “Тез жардам” чакырышат. Канат жерде кансырап 40 мүнөттөй жаткан дешет. Мына ошончо убакыттын ичинде “Тез жардам” келбейт. Көрсө, экинчиби же үчүнчү окпу, айтор бирөөсү анын  боорун эзип кетиптир…

Ошентип, кыргыздын кыйын чыкма, бирок көп максаттарына жетпей калган  Канат Сыдыков деген спортчусу 28 жашында өз айылы Таластын Көк-Сайына коюлду. Бул билгендерге чоң арман эле…

 

Рысбектин көзүн тазалоо

Өткөн сандарыбызда жазгандай, Рысбекти 1996-жылдары азыркы “Тюбетейка”, ошол кезде “Тянь-Шань” деп аталган кафеден түндө гранатомёт менен атышкан эле. Ал гранатомёттун огу терезеден кирип, кафенин наркы терезесинен чыгып, башка багытка барып жарылган. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес. Рысбек ал маалыматты мурун угуп калып же өзү болжогондон бир аз эрте чыгып, ал кафеден чыгып кеткен, бирок анчалык узай элек эле. 2000-жылдары Акматбаевдин көзүн тазалоо операциясы уланган. Анын чоо-жайы төмөндөгүдөй болгон.

(Уландысы кийинки санда)

Айбек Шамшыкеев