Баса, “кызыл бандит” Замирбек Оморов менен Рысбек Акматбаевди айрымдар мамилелеш болушкан деп байланыштырып жүрүшөт. Оморовдун “бандасы” жасаган ондогон кылмыштарга Рысбектин эч кандай тиешеси жок. Оморовду көпчүлүк, айрыкча анын кесиптештери талап-тоноого, каракчылыкка дасыккан кылмышкер катары жакшы билишет.
Ал эми Рысбек Акматбаев 1988-жылы Ысык-Көлгө эс алууга жана концерт коюу үчүн келген орустун атактуу эстрада жана опера ырчысы Юрий Малининди коркутуп акча талап кылды деген негиз менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып, Орусиянын шарты катаал бир нече түрмөсүндө, акырында атактуу “Белый лебедь” түрмөсүнө да жатып чыккан. Муну менен биз Рысбек түрмөнүн мыйзамдарын эң жакшы билгенин айткыбыз келди. Чынында түрмө тартиби башка жана сыртта эркин жүргөн кримдүйнөнүн лөктөрү өзүн колдош үчүн түрмөдөгү “зектерге” оңбогондой акча берип, маал-маалы менен “грев” ыргытып турушат эмеспи. Түрмөдөн да ар бир “зек” ай сайын белгилүү бир өлчөмдө акча төлөп турууга милдеттүү. Ал акчанын бир канча бөлүгү түрмөнүн өзүндө калса, дагы бир канча бөлүгү ошол эле “кримавторитеттерге” кетет. Дагы бир азыраак бөлүгү жалпы “караларга” кадимкидей каралашкан, мындайча айтканда “сатылган” укук коргоо, күч органдарындагы кызматкерлерге “сыйлык” катары берилет. Азыр да ушундай. Бул көрүнүш барган сайын күчөп, өз чегинен ашып баратат.
…Эркиндикке чыккандан кийин, Рысбек болгону түрмөдөгүлөргө каралашкан жок, аларга “грев” да киргизген жок. Андыктан айрым “зектер” учурунда буга өздөрүнчө нааразы да болушкан, бирок көбү буга карабастан Рысбекти катуу сыйлашкан. Кыскасы, Рысбек эркиндикте өз ыкмасы, өз жолу менен жашады. Эч кимге баш ийген жок. Башка кримлөктөргө окшоп, түрмөдөгүлөрдөн кандайдыр бир колдоо күткөн да жок. Бирок Рысбек комсомол, атайы даярдыктагы мурунку жоокер, жогорку билимдүү болбогондо, кримдүйнөдө “мыйзамдагы ууру” статусуна ээ болмок. Эгер андай болгон болсо, анда түрмөдөгүлөргө “кара дүйнөнүн” мыйзамдарына ылайык мамиле кылмак. Анткени, илгертен чабылган жол ошондой да…
Маселен, Азиз Батукаев көөп, көзүнө эч нерсе көрүнбөй турган жаш кезинде Токмоктон 14 жаштагы кызды зордуктап койгондугу боюнча маалымат бар. Эгер анысы ачыкка чыгып, ошол боюнча соттолгондо, түрмөдө башкаларга “катын” болуп жашамак. Тилекке каршы, түлкүдөй мант берген бул бандит ал кылмыш иши боюнча соттолгон жок, башка кылмыштар боюнча жоопко тартылып, кызылдар менен соодалашып, акчанын күчү менен далайларды өз пайдасына иштетти. Ошону менен катар акчаны байма-бай чачып олтуруп, Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү “зектердин” баарын болбосо да, басымдуу бөлүгүн колго алды. Бул жагы өзүнө чоң пайда алып келип турду. Ал эми Рысбекке мындай көрүнүш кандайдыр бир тоскоолдуктарды жаратып койгонун ачык айтышыбыз абзел. Ошондуктан, Рысбек түрмөдөгүлөрдү өз колуна ала алган жок. Алууга алгылыктуу аракет да кылбады. Себебин, жогоруда айттык. Эгер аракет кылган болсо, ага байланыштуу окуялар дагы башка нук менен өөрчүп жүрүп олтурмак…
Камчы менен Рысбектин мамилесинин бузулушу
Кыргызстанда акыркы 10 жылга жакын убакыттан бери таасирдүү кримавторитет болуп келаткан Камчы Көлбаев Рысбек Акматбаев менен жердеш. Көпчүлүк бул экөөнүн кандайча тууган экенин жакшы билишпей, ар кандай айтып жүрүшөт. Чынында экөөнүн ортосу анчалык деле алыс эмес. Чоң аталары тараптан туугандык жайы айтылып жүрөт, кыскасы экөө тең катаган уруусунан. Камчы жигит курагында Рысбектин сөзүн эки дебеген, анын айтканынан чыкпаган машине айдоочусу болгон. Ишенимдүү жигиттеринен болуп, Рысбектин көпчүлүк биле бербеген, көпчүлүккө жар салууга тыюу салынган бир топ иштерин бүтүрүүгө колунан келишинче салым кошуп турган. Бирок, экөөнүн ортосундагы ага-инилик жана ишеним мамилеси бир иштен улам бузула түшөт. Эми ал окуяны кыскача баяндайлы.
…Рысбек Камчы менен дагы бир ишенимдүү жигитке бир маанилүү ишти бүтүрүүнү тапшырат. Тапшырма боюнча Камчылар кайсы бир имаратты жакшы баага сатышы керек болчу. Ага кардар издеп башташат. Бир канча убакыттан кийин, Алматыда бизнес кылып жүргөн жигиттер аркылуу акчалуу кардар табышып, ага имаратты чынында эле жакшы баага сатышып, акчаны Рысбекке өткөзүшөт.
Бирок, кийинчерээк ошол имаратты сатып алган адам Рысбек менен тааныш болуп, сөздөн-сөз чыгып олтуруп, өзү сатып алган акча жөнүндө кеп болот. Ал ортодо Рысбекке “Камчылар имаратты абдан жакшы баага саткан” деген сөздөр да жете баштайт. Мына ушундан кийин, Рысбек Камчыдан шекшинип, аны жазалоо иретинде Совет – Бөкөнбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги үч бөлмөлүү менчик үйүн, машинесин тартып алып койгон деген кеп азыр да көп айтылып жүрөт. Ал үй, машине дагы Рысбекте иштеп жүргөндө тапкан акчасына алынган экен. Баса, ал кезде шаардын чок ортосундагы 3 бөлмөлүү үйдүн баасы 3-4 миң доллар эле. Бирок, доллар ал убакта ошончо күчтүү болгон. Рысбек Камчы тартипти бузуп койду, бул маселе башкаларга да үлгү болсун деген ниет менен ошондой кадамга барган дешет, жакшы билгендер…
Бул эл арасындагы айтылып жүргөн окуянын биринчи варианты. Экинчиси бир аз башкачараак. “Кыргыз деңизи” пансионатынын мурунку директорлорунун биринин Эркин деген баласы менен Камчылар жакшы мамиледе болуп, аталган пансионатка акча алмаштыруу жайларын коюп, аны иштетип, айтор ушу сыяктуу бизнестерди кылып башташат. Ошондой эле,пансионаттагы бир нече номерлерди да “субарендага” алып, баасын профсоюздукунан бир аз кымбат кылышып, иштетишкендиги айтылат. Айтор, ушинтип эмгек менен кыйла акча табышып, Көлдөн чоңураак сарай сатып алышат. Ал сарайды кийинби, же ошол эле учурдабы, айтор Камчынын атасы Асанбек алат. Рысбектин атасы Абдымалик ал сарайдан алыс эмес, башка бир жогору жактан сарай алат. Бирок ал жерге суу чыгышы кыйыныраак болуп, өзүнчө бир көйгөй жаратат. Акыры аккан сууну тосуп, дамба сыяктуу кылып жасайт. Чыр ушундан башталган деген да кептер бар. Бул эми канчалык деңгээлде чындык, аны айта албайбыз. Балким, туура эместир, балким чындыкка жакындайт?
Кыскасы, мына ушул окуялардан кийин Камчы менен Рысбектин мамилеси мурункудай ысык болбой калат. Мунун өзү жакшы көрүнүш эмес эле…
(Уландысы кийинки санда)
Айбек Шамшыкеев