Домой Криминал “Кара жолдон” кайтпагандар… “Криматалык” Рыспек Акматбаев. 10-серия

“Кара жолдон” кайтпагандар… “Криматалык” Рыспек Акматбаев. 10-серия

4075

(Башы өткөн сандарда)

Канат СыдыковКайран Канат Сыдыков

28 жашында криминалдардын алгачкы курмандыгы болуп аталып, каза тапкан Канатбек Сыдыковду коомчулук жакшы эле таанып калды. Бирок аны өз атынан эмес, спорт мектепте окуп жүргөндө достору тарабынан коюлган “аюу” деген каймана атынан улам жакшы билишет. Чынында Канатбек кадимки аюудай күчтүү болгондуктан, аны ошентип атап калышса керек. Ал 1967-жылы Таластын Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылында туулган. Атасы Сыдыков Кыдыркул менен апасы Сөлпиева Жүзүмбү өмүр бою союз кезде колхоздун, кийин айыл өкмөттүн ар кандай жумуштарында ак кызмат кылып жүрүшүп, 8 баланы тарбиялап өстүрүп, үйлөнтүп-жайланткандан кийин, жарыкчылык менен кош айтышкан экен.

Канат СыдыковКанат 2-3-класста окуп жүргөндөн баштап өзүнүн Талип, Асил, Тынар баштаган бир катар классташтары, достору менен бирге Көк-Сай айылынан күнүгө сабактан чыгып кечки саат төрт жарымда (акыркы автобус) каттачу автобуска олтурушуп, аралыгы 18 чакырым болгон Грозный (азыр Аманбаев) айылына барышып, ал жактан спортзалга барып, 2-3 саат машыгып, кайра автобус жоктугуна байланыштуу Көк-Сайга чейин чуркап келишчү экен. Мына ушул көрүнүштү 6- класска чейин үзбөй, көндүм адатка айлантып алышат. 6-классты бүткөн соң, ошол эле Асил, Тынар ж.б. бир катар балдар менен Бишкектеги спорт мектебине бир топ сыноолор менен кабыл алынышып, күрөштүн грек-рим түрү менен машыгып башташат. Ал жерден Канат республиканын ар тарабынан келишкен: Кабыл Карымшаков, Алмаз Бокушев, Нуркул Асылбеков, Нарынбек, Кылыч ж.б. менен классташ болгон. Бул жигиттер баары спорттун бир түрү менен эмес, башка, башка түрлөрү менен машыгышкан. Айрыкча, Канат менен Кабыл башкаларга салыштырмалуу эгиз козудай ээрчишип, жан достордон болушкан.

* * *

Канат Сыдыков досу Кабылбек Карымшаков менен МосквадаАл 8-9 класстардан баштап эле союздун ар кайсы өлкөлөрүндө болгон өспүрүмдөр арасындагы мелдештерге катышып, байгелүү орундарды алып турган. Ошентип, Сыдыков келечегинен көптү үмүттөндүрүп, өзү менен тең курдуу спортчу жигиттердин арасынан алдыга суурулуп чыгат. 1984-жылдары спорт мектепти бүтүп, алгач жалпы создун деңгээлине, андан соң олимпиада оюндарына катышып, бүт дүйнөнүн деңгээлине чыгуу үчүн спорт менен машыгуусун таштаган жок. Ошол жылдары өзүнүн кичи району Кара-Буурага барып (өзүнүн туулган айылындагы машыктыруучунун ордун талашпоо иретинде окшобойбу), Грозный айылындагы балдарды биринчи машыктыруучу Сапаркул агайы менен бирге райондун ар кайсы айылынан келишкен балдарды машыктырып, арасынан күчтүүлөрүн облустук, облустан жеңип чыккандарды республикалык мелдештерге алып барып, бир нече жыл алектенет. Андан соң, Бишкекте да бир нече жыл машыктыруучу болуп эмгектенет. Аңгыча, союз ыдырап, машыктыруучунун айлыгы менен жашоо кыйын болуп, көптүн катарында анча-мынча бизнес кылууга киришет. Айтмакчы, 1991-жылы 24 жашында үйлөнөт.

Бирок, эгемендүүлүк менен кошо өлкөгө ээнбашчылык, баш аламандык кошо келди. Узак жылдарга созулган жыргал заман, куурал заманга айланып баратканын көпчүлүк анчалык аңдабай калышты. Мамлекеттин экономикасы тез эле эңшерилип, бийликтин элге, анын ичинде спортчуларга көңүл бурууга шаасы жетпей калды. Ушул себептен улам, келечегинен көптү үмүттөндүрүп, күчү ашып-ташып, эл аралык мелдештерге, дүйнөлүк чемпионаттарга катышууну эңсеп, урушарга жоо таппай, баралына келип, тапталып турушкан Канат сыяктуу чыгаан спортчулардын шаабайы сууп, мамлекеттен колдоо күтпөй, өздөрү менен өздөрү болуп калышкан эле.

* * *

Канат 1990-жылдардын башында өзүнүн достору Кабыл, Нуркул сыяктуу эле Рыспек Акматбаевдер менен спортчу катары жакшы мамиледе болгон. Ал дагы мына ушул жигиттер менен биргелешип, спорт дүйнөсүндөгү өзүнүн балдары менен бирге Бишкекте өз билгенин жасап, башкаларга күн көрсөтпөөгө басым жасай башташкан башка улуттун “общактарынын” мизин кайтарып, алардын атасын таанытуу окуяларына чоң салым кошкон. Муну эч ким жокко чыгара албайт. Чечен, уйгур, армян баштаган бир катар “общактар” менен тирешкен, аларды бирде жеңип, бирде жеңилип, акыры ордуларына койгон кыргыздын кыраан жигиттери азыр да арабызда жүрүшөт. Ал жигиттердин башка мандемдүү маселелерин эске албаганда, жалпысынан кыргыздын намысы үчүн бир учурларда тикелеринен тик турушкан десек болот. Ал тургай таасир талашуунун айынан, айрымдары ошол башка улуттагы канды самаган баш кесерлердин айынан каза табышты. Алардын ана башында, гезитибиздин өткөн санында баян кылган уйгур Рустам Габбасов өлтүргөн Рашид Алканов турат. 1992-1993-жылдары акча алмаштыруу, алтын алмаштыруу жайларындагы өзүм билемдик кылышкан башка улуттардын “общактары” менен болгон тирешүүдө, чоң мушташтарда Канаттын денелеринин айрым жерлеринде бычактын издери “эстелик” болуп калган.

Бул турмуштан чоң арманда кеткен спортчу Канат Сыдыков тууралуу эл анчалык биле бербеген баяныбызды гезиттин кийинки сандарында уланталы. Азыр болсо, 1990-жылдардын башында милиция болуп иштеп жүрүп, кийин каракчылык менен атагы таш жарган, криминалдарга кошулуп, көптөгөн чоң кылмыштарга автор болгон Замир Оморов тууралуу баянга кезек берели.

 

Кызыл “бандит” Оморов

Чынында айрым учурларда, криминалдарга табакташ болуп, алардын идеясын колдогон милиция кызматкерлери да болот. Аларды турмушта көрүп, угуп эле жүрбөйбүзбү. Маселен, башында милиция болуп, анан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ар кандай кылмыш иштерин жашырып, аларга түрткү берип, акыры анысы билине баштаганда, кызматын таштап кеткен милиция кызматкерлеринин жасаган кылыктары эч кимди кайдыгер калтырбайт. Биз аларды мезгил-мезгили менен кийинкилердин эсине салып, жаман жолго түшүп кетпесин деген ниет менен жазып да, байма-бай айтып да турбасак болбойт. Рыспек Рыспек болуп чыга баштаган жылдары, аны менен кошо өзгөчө бир “атак-даңкка” жеткен, 8 жыл бою кармалбай качып жүргөн Замирбек Оморов деген “кызыл” бандит чыккан. Оморов Кочкордо туулуп өскөн. Көптүн бири катары Бишкекке келип, Свердлов районунун Ички иштер бөлүмүндө бир нече жыл иштейт, старшина наамын алат. Бирок, ал ошол милиция катары иштеп жүргөн учурда эле, кылгылыктын баарын кылып баштайт…

(Уландысы кийинки санда)

Айбек Шамшыкеев