Домой Саясат “Кара жашикти” агартса болобу?

“Кара жашикти” агартса болобу?

59

Арийне, казанды кара көөдөн агартуучу заттар арбып кетти. Керек болсо таптакыр өңүнөн кетип калган казанды азыр таанылгыстай кылып тазалоого шарт бар. Мына жетишкендик деп койсок болот, туурабы? Ал эми өлкөдөгү “кара жашикти” агартып коюуга мүмкүнчүлүк барбы? Албетте, анын жолун деле тапса болот деп так кесе айталы. Ошентсе да мамлекеттеги биринчи каналды отуз жылдан бери оң жолго салалбай убара болуп келебиз.

Бул жооптуу тармакты кимдер гана оңдойм деп келген жок дейсиң. Бирок алардын бирөө да чечкиндүү кадамдарды жасай албады. Болгону жаңы долбоорлорду чала-була жасай салып, өз жолуна түштү далайлары. Азыр болсо Жайнак Үсөн уулу деген ген. деректир башкарып жатат. Анын деле бөтөгөнү кызыткан өзгөчөлүгү жок экенин айрым “сары тиштүү” теленин кызматкерлери айтып калышат. Чынында эле ачык-айрым чагылдырган берүүлөрүн көрө элекпиз. Ошондуктан бул каналды көрөрмандар жээрип калганы ырас. Бир жактуу каналды калайык көргүсү келбей калат экен.

Сөздү чойбой ток этерин айталы. “Кара жашикти” кантип агартабыз? Оор маселе. Болгону демократиялык жолду тандап, экранды алакчылабай Адахан Мадумаров сыяктуу ораторлорду түз берүүгөүзгүлтүксүз болбосо дагы кээде сааты чыкканда чакырып мүмкүнчүлүк түзүүгө неге болбосун? Ал деле олуттуу пикирин айтууга акылуу да? Жарандык коомдун активдүүөкүлдөрүн чакырып талаштуу маселелерди талкуулашса майнаптуу болмок. Мактоону эмес азыр көрарман акыйкат сунуштарга суусап турат. Деги качанга чейин эски, элдин көөнүн айныткан жолдо бара беребиз? Бийликтин башындагылардан алаңдап коркуп жылбай отура берген ген. деректир тазаланууга, реформага белсенип баралбайт. Миңдеген армиясы бар КТРди мамлекеттин өнүгүүсүнө, калктын ынтымак-ырашкердигине, сөз эркиндигине чегерүүгө мезгил бышып жетилди. Муну бийлик жасоого кызыктар эмес, коомчулуктун кийлигишүүсү зарыл болуп турганы чын.

Булак: Ачык сөз