Домой Коом Кара-Кечеде көчкү токтой элек, жаңы айланма жол курулат

Кара-Кечеде көчкү токтой элек, жаңы айланма жол курулат

6

Кара-Кече көмүр кенине жакын жерде 14-сентябрда башталган көчкү токтой элек, жер массасы дагы эле жылып жатат. Бул тууралуу 15-сентябрда Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен окуя болгон жерге жаңы айланма жол салынмай болду.

Жолдун узундугу болжол менен 3,5 чакырым болот, куруу иштерине техника Ат-Башы районунан жана Талас, Ысык-Көл облустарынан тартылат.

Министрликтин баштапкы маалыматына караганда, көчкүнүн көлөмү 2 миллион куб метр болду, жолдун 600 метрден ашык аралыгы тосулуп калды, электр зымдары үзүлдү.

“Кыргызкөмүр” ишканасы буга чейин билдиргендей, көчкү жүрүшүнө жаан-чачын себеп болду, жабылып калган жолду тазалоого бир жумадай убакыт кетет, тосулуп калган аралык 500 метр болду.

14-сентябрда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда тоо көчкөн. Дыйкан айылын «Кара-Кече» көмүр кенинин “Борбордук” деген тилкеси менен байланыштырып туруучу стратегиялык жол тосулуп калган.

Адам өмүрүнө залака тийген учур катталганы тууралуу маалымат жок.

Окуя болгон жерге Бишкектен тийиштүү мекемелердин жетекчилери барышты. Жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.

Транспорт жана жолдор министрлиги көчкү Дыйкан – “Кара-Кече” жолунун 37-чакырымында болгонун, Бишкектен барган жетекчилер тобу зыяндын көлөмүн аныктап, кайсы жерге жаңы айланма жол куруларын аныкташарын кабарлады.

Булак: azattyk.org