Домой Саясат Кара-Балта шаарына Раиммиллиондун кадры мэр болду

Кара-Балта шаарына Раиммиллиондун кадры мэр болду

391

ШК 6-декабрда Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгын расмий бекитти. БШКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Кара-Балта шаардык кеңешинде 30-ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгында Данияр Шакирбаев көп добуш алып, утуп чыккан. Кара-Балта шаарынын мэри кызматына үч талапкер — Кыргызстан социал-демократтар партиясынан Бакыт Раманкулов, «Эл Аман» фракциясынан Таалайбек Сүйүмбаев жана «Мекеним Кыргызстан» фракциясынан Данияр Шакирбаев көрсөтүлгөн. Эске сала кетсек, дал ушул «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» партиялары үчүн 5-октбрда эл көтөрүлүп чыккан. Андан эки ай өтпөй Раиммилиончулар минтип чоң шаарларга мэр болуп, элди башкара башташты. Кара-Балта эли деле буга каршы турарына ишенсе болот… Маалым болгондой, Кара-Балтаны бир топ жылдан бери башкарып келген мурунку мэр Даниүр Шабданов да Раиммилиондун кадры болгон…