Домой Экономика Кара алтынга качан жетебиз?

Кара алтынга качан жетебиз?

180

“Өтүгү жокко өзүм барам, тону жокко айта бар” демек­чи, кыш мезгилинде биринчи кезекте жылуулук керек эмес­пи. Үйүң жылуу болсо, кабагың ачык, көңүлүң ток дегендей. Үйүң муздак болсо, кабагың кайдан ачылсын?

Печать

Азыр эл үйлөрүн электр энергиясынан башка отун, көң, көмүр менен жылытып жаткан учур. Айылдарда мал­дуулар чаап алган кык кыштын мизин кайтарганга арача болуп жаткандыр. Болбосо, жалгыз эле көң менен чилдеге каршы чыгуу мүмкүн эмес. Жок де­генде эки-үч тонна көмүр ке­рек аралаштырып жакканга. Ал эми, эки-үч тонна көмүр бери дегенде 10-15 миң сом болот. Бул отун, көңү барлар үчүн ай­тылган кеп. Ал болбосо, жалаң көмүр жагам десең, о-уу-у, анда бир топ эле каражат керек.

Учурда көл өрөөнүндө бир тонна көмүрдүн баасы 4 миң сомдон 7,5 миң сомго чейин. Эң эле табы күчтүүсү, табы азыраагы, алыстан келгени, жакшы күйгөнү, чогу өчпөгө­нү болуп олтуруп түрдүү кө­мүрлөрдү алсаң болот. Албет­те, акчаң болсо. Акчаң болбосо, бир бөлмөгө кир дагы, бир жы­лыткычты сайып, чайыңды да ошондо ичип, ошол жерде эс алып, жатканда баарың чоо­гу консерванын калайындагы балыктардай кучакташып жа­тып ал.

Учурда Караколдогу эң эле кымбат, бирок, сапаты жагы­нан өтө жакшы көмүр Жыр­галаңдан алынып келинген көмүр болууда. Мунун күчү менен башкасын салышты­рууга да болбойт. Айтмакчы, ал Орто Азиядагы эң күчтүү көмүр деп айтылып келет.Азыр ал анча көп эмес казылгандык­тан, аз гана өлчөмдө сатылууда. Себеби, учурда Жыргалаңда­гы шахталар иштебей турат. Анан Ысык-Көл эмес, Кыргыз­стандын жарымын камсыз кы­лууга мүмкүнчүлүгү бар шахта­лар көмүр менен жок дегенде Көлдүн элин камсыз кыла ал­бай жатышы ичиңди күйгүзөт. Биз бул маселе боюнча Ак-Суу районунун Жыргалаң айылы­на бардык.

Карга чулганып, бир кара жери жок аппак айылга барып, элеттиктерден союз убагын­да мында 1000ге жакын түтүн бар экенин уктук. Учурда анда 200гө жетпеген түтүн эл же 1 жарым миң киши калган. Бир кезде шахтёрлор туш тараптан келип негиздеген айылды азыр көрсөң боор ооругудай абал­да. Дегеним, совет бийлиги коёндой окшош кылып салып берген эки кабат үйлөр азыр ээнсиреп, эч ким жашабайт. Кыргыз, орус, тажик, белорус, еврей, калмак жана башка он­догон улуттун өкүлдөрү ынты­макта жашап, “москвалык тей­лөөгө” көнгөн тургундардын ал кездеги жашоосун азыркысы менен салыштыруу деле күл­кү келерлик иш. Азыр мында калган эл мал менен жан багат, башка жумуш жок.

Бул айылдын тарыхын мын­да жашаган бир кездеги шах­тёр Калканбаев Касей акса­кал мындайча баяндап берди. -Бул жердеги көмүр кенине 1936-жылдан бери изилдөө иштери жүрүп, 1948-жылы Раззаков (ошол учурдагы ми­нистрлер кеңешинин төрага­сы) атайын экспедиция менен келип, мында шахта уюштуруу маселесин катуу көтөрүп чык­кан. 1949-жылы эң биринчи шахтёрлор Көк-Жаңгак, Куз­басс, Кызыл-Кыядан келген. Өзгөчө Кузбасстан шахтёрлер көп келген дейт. Себеби, анда­гы көмүр кени да 70 градус жы­гылып жатат экен. Анан жерги­ликтүү эл жумушка тартылып, кай бири атайын билим алып келишкен. Ошол кезде сутка­сына 100 тонна көмүр берип турган шахта союз таркаган­да, техникалар талкаланып, ал­машылбай, каралбай калды,- дейт ал.

Учурда бул айылда эки шах­та бар. Бири Сабыр Жапаровго тиешелүү АО “Шахта Жырга­лаң” акционердик коому, экин­чиси Бактыбек Кенесаров деген ишкер иштетип жаткан “Жыр­галаң Дөргө көмүр” жоопкер­чилиги чектелген коому. Аны азырынча толук кандууиштей элек деп койсок да жарашат.

— Негизи көмүр жата берсе, өз алдынча күйүп, өрт чыгат. Ан­дыктан, аны токтоосуз казып алып туруу керек. Жапаров­дорго таандык шахтада мына ошондой өрт чыкканда, 2012- жылы иштетүүгө келген кытай­лар мындан кетип калышкан. Андан кийин Шалтаков Нур­бек деген бала өз акчасы менен иш баштаган. Шахта иштетүү деген оңой эмес. Анда техни­калар сынып, бүлүнүп турат. Бир тонна көмүр алыш үчүн шахтага бир куб карагай ки­риши керек. Андан сырткары насос, вентилятор жана башка толуп жаткан шаймандар за­рыл. Ал эми, Өкмөттөн болсо эч кандай жардам жок,- дейт 23 жыл шахтада иштеген ак са­кал. Анын айтуусунда, советтер союзунун учурунда айлык акы 300 рублден 500 рублге чейин болчу. Азыр жылыга кошулуп олтуруп анын көбөйгөн пен­сиясы 8000сом.

Ал эми, “Шахта Жыргалаң” акционердик коому тууралу сөздү баштасак түгөнбөс. Аны дагы узун сабак кылып айтып берчү күн келер. Ак-Суу райо­нунун акиминин милдетин ат­каруучу Элчибек Жантаевдин айтуусунда, ал учурда банк­ротто. “Аталган ишкананын өндүрүштүк техникалык жаб­дуулары бүгүнкү күндүн тала­бына жооп бербей, көмүр ка­зып чыгууда кыйынчылыктар көп жаралып, аны казып чы­гуунун көлөмү төмөндөп кет­кен. Казылып алынган 1 тонна көмүрдүн өзүнүн турган наркы жогору болуп, сатыкка чыккан көмүрдүн баасы төмөн болуп, көп зыяндарды алып келген. Анын кесепетинен ишкана ра­йондук соцфондго 2013-жылда эле 536,7 миң сом карыз болуп, ал карыз быйылкы жылга че­йин 7 миллион сомго чыккан. Соцфонд аларды сотко берип, район аралык сотто утуп ал­ган”,-дейт Жантаев.

Анын айтуусунда, 2013- жылы район аралык соту та­рабынан ага “банкрот” жарыя­ланып, ишкана ал чечимди аткарбай кайрадан карызы­нын өсүшүнө жол берген. Анын электр энергиясына эле бол­гон карызы 14 миллион сомдон ашып кеткен. Андан сырткары, соцфондго, салыкка, жумушчу­лардын эмгек маянасына кары­зы көбөйүп, ишкананын мүл­күн эсептегенде, шоона эшпей калат дейт билермандар.

Мындагы экинчи шахта “Жыргалаң Дөргө көмүр” жооп­керчилиги чектелген коом 2000- жылы өз ишин баштап, шахта үчүн жол, электр линияларын өз күчү менен курган. Учурда да мында шахтыны куруу боюнча иштер жүрүп жатат. Аны казуу учурунда жолунан чыккан кө­мүрдү алуу менен анын сатыгын уюштуруп келишет. Алгач бул жерден чыккан көмүр райондук мектептерди, Кызыл-Суудагы сыр заводун камсыз кылууга то­лук жетчү. Шахта уюшулгандан бери алар 20-30 миң тонна кө­мүр чыгарышты. Бирок, учурда анда иш жүрбөй турат. “Пайда ала баштаганда мында 120 адам иштеши мүмкүн”, — дейт аталган шахтанын жетекчиси Бакты­бек Кенесаров. “Ошондо айына жок дегенде 4000 тонна көмүр чыгышы керек. Азыр бизге 25 миллион сом акча каражаты ке­рек болуп турат. Биз кредитке акча алалы десек, мындай көп сумманы алуу үчүн чоң күрөө керек экен. Биз казылган кө­мүрдүн өзүн күрөөгө коёлу деп,­“Орус-кыргыз фондуна” заявка берип, сүйлөшүп жатканбыз. Башта алар макул болуп жатыш­кан. Кийин башка жетекчи кел­гени иш токтоп турат. Учурда жердин алдынан көмүр чыга­рууну транспортировкалаган конвейр керек. Анын ичинде аппарат, кабелдер жана башка шаймандар зарыл. Биз түзгөн долбоор боюнча жылына 50 000 тонна көмүр чыгарууга милдет­түүбүз.Быйыл шахтада өткөөл­дөрдөн өтүп, аны дароо пайда бергенге даярдап жатабыз,-деп билдирди ал.

Жыргалаңда көмүр кенинин запасы көп болсо да, оңгулуктуу инвесторлор келген эмес. Эм­неге, деп сурасам, өлкөдө ста­билдүүлүк жогунан го деп жооп беришти тургундар. Анда кө­мүрдүн 40 миллион тонна запа­сы бар деп айтылат. Муну эске алып, ушул ишти жүргүзүп баш­таган “Жыргалаң Дөргө көмүр­гө” Өкмөтүбүз жардам берсе да жарашчудай деп ойлойсуң. Аталган шахтага кредит алууга жардам берилип, көмүр алына баштаса, жергиликтүү тургун­дарга үчүн да, жалпы көл эли­не да жакшы болор эле, аттиң!

Ошентип, шахтёрлордун айы­лында болуп, ал жердин көй­гөйүн көрүп, карагай-черлүү Жыргалаң айылынан да алыс­тай бердик. Убагында бул айыл­да бары жоктун баары бар экен. Шахтёрлордун аялдары да жөн олтурбасын деп, иш менен кам­сыз кылуу максатында айыл­да тигүү цехи да иштеген дейт. Азыр болсо, ал жумуш да жок. Андыктан, жаштар айылда тур­байт. Ал эми мындагы эптеп- септеп иштеп жаткан шахтада билимдүү кишилер жетишпейт. Алар “Кумтөр” жана башка кен­дерге кетип калган.

Мындагы эл жалгыз шах­таны карабай, лыжа базалар уюшулса деген тилекте. Се­беби, мында көчкү кулаба­гандай, лыжа базаларын тү­зүүгө ылайыктуу жерлер бар. Кышы узакка созулуп, октябр­дан баштап апрелге чейин кар жаткан бул айыл чындап эле туристтердин мекени бо­лот деп ишенет аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Талгат Мукалаев. А балким, мында шахталар да иштеп калар. Бир квадрат метр жерден он тонна көмүр чыгат деген чын болсо, кыймылдабай жаткан кара ал­тын уюган тоолор да пайда бе­рип, айыл жанданган бир учур келип, казак туугандардын кө­мүрүн алууга муктаж болбой калар берек.

Жумагүл Барктабасова