Домой Коом “Капитал Банктын” акциясын Чыныбай Турсунбековдун балдары өз ара бөлүп алышты

“Капитал Банктын” акциясын Чыныбай Турсунбековдун балдары өз ара бөлүп алышты

189

“Борбор Азия Капитал Банкынын” жетекчиси Нуржан Тентимишова 100% акциясын балдарына өткөрүп берди. Бул тууралу Кырыз фондулук биржасынан билдиришти.

Эржан Чыныбай уулу 40% акцияга ээ болуп, 4,9 миллион алган. Айдай Турсунбекова 3,7 миллион же болбосо 30% акцияны алган. Ал эми Бегимай Чыныбай кызынада 3,7 миллиондук 30% акция тийген.

Көрсөтүлгөн капиталдарга кошумча өзгөртүү 2021-жылдын 15-февралында киргизилген.