Домой Саясат Каныбек Осмоналиевдин адвокаты Шаардык сотко арызданды

Каныбек Осмоналиевдин адвокаты Шаардык сотко арызданды

67

Каныбек Осмоналиев жана мурдагы судья Анар Дубанбаеванын адвокаты Шарабидин Токтосунов  Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арызданды.

Биринчи май райондук соту 2-марттагы митиенде «бийликти басып алууга аракеттенген» деп шек саналып жаткан Осмоналиев менен Дубанбаеваны 3-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө жайына камакка алуу чечимин чыгарган.

Осмоналиев 2-мартта Бишкекте Садыр Жапаровду колдоо боюнча митингди алып барган. Дубанбаева «митингге катышуу үчүн Ысык-Көлдөн Бишкекке 200 киши жөнөткөн» деп айыпталып жатканы айтылган.