Домой Саясат Каныбек Осмоналиевди эми оңколотушат

Каныбек Осмоналиевди эми оңколотушат

145

“Кайгы жокто кайненем өлүптүр”- дегендей кепке кадимки “модератор” болгусу келген Каныбек Осмоналиев тушукту. Кой дегенге көнбөй, өзүнүн ойлогонун бербей, митингди өткөрөм деп отуруп түбүндө тузакка илинди. Илингенде да “жаман” статьяга баптап турушуп оңкосунан сайышаары деле шек санатпайт. Анткени “үч тамганын” колуна түштү дегиче тайнесин Үч-Коргондон таанытышат. Дагы жакшы кылчылдаткан кышта эмес, күн жылый түшкөндө колго түшкөнүнө каниет кылсын.

Ошол эле Камчыбек Ташиев эр экен митингге такыр жолобой алыстан көз салып турду. Бир гана өрттү тайманбай кечкен Жылдызкан Жолдошова келип Садырга жан тартып сүйлөгөнгө жарады. Башка чунаңдаган саясатчылар өтө этият болушуп, турнабайды бийиктен салып байкоого алышканы жөн жерден эмес. Айтор, жаздын алды менен күүгө келген “тополоңдо” Осмоналиевдин куйкасы куушурулду. Мындай оор сыноого Каныбек мырзанын кабылганына өзү күнөөлүү экенин Надира Нарматова “Азаттыктагы” берүүсүндө айтып өттү. Ал тургай Садырдын убалына калышканын жондотуп өттү. Капканга чабылдыңбы, кыйын болсоң андан чыгып көр. Кой-Таштын окуясында деле анчалык катыштыгы жок болгон далай жигиттер азыр түрмөгө түшүп калай аякка куйулган “баланданы” айла жоктон жеп жатат. Ким билет, тыкыр изилдешсе балким арт жактагы “фонддо” турган караандар кайырмакка илинеттир. Аны убакыт көрсөтөт дечи…

Булак: Ачык сөз