-Каныбек агай, Садыр Жапаровдун күнөөсү далилденбесе да саясат үчүн камалып жатканын айткандар четтен чыгат. Ал эркиндикке чыгышы керекпи?
— Бул сурооңо бир гана жооп бар: албетте эркиндикке чыгышы керек. Болгондо дагы тез аранын ичинде! Ал түрмөдө эч кандай айыбы жок эле отурат. Баары бизде жүргүзүлгөн жийиркеничтүү, балит саясатка барып такалат, Эмне үчүн? Эстей турган болсок, Садыр Жапаров Кыргызстандын саясий аренасында 2005-жылы чагылгандай «жарк» этип келген жаш депутаттардан болду. ЖКнын 3-чү чакырылышына бир мандаттуу система менен таза утуп келген. Ал жигитке ошол кездеги акаевдик режимдин жасоолдору кандай каршылык кылгандары дагы унутула элек. Эми ал өзүнчө сөз. Парламентке келээр замат аты азыр каргашалуу болуп калган «Кумтөр» проблемасын көтөрдү. Жаш жана тажырыйбасы аз болгондуктан, аярлап мамиле кылып, материалдарды топтоп, факты менен айтып жүрдү. Ал кезде кандай гана пикир келишпестиктер болгон учурлар да өкүм сүрдү. Менин эсимде Садыр атактуу Каркыра жайлоосунун статусу жөнүндө дагы ошол кездеги өкмөттүн тынчын алып, курч маселе катары көтөрүп турган. Кыргыз үчүн жогорудагы 2 маселе кандай гана маанилүү эле. Чын дилинен күйүп, ак ниетин ачык айтып жүрбөдүбү. Орто жолду оңду-солду буйтап жүргөндөрдү ордуна коюп келе жатканда 3-чү чакырылыш чукулунан таркап кеткен. Ниетине жете албай калды. Анда кийинки Кумтөр менен Каркыра маселелерине тиешелүү материалдарды антикоррупция боюнча Комиссар болгондо чогултту окшойт. Натыйжада, ал көйгөйлөрдү эл жапырт билип, түшүнүп, анан расмий бийликке өз нааразычылыктарын билдире баштады. Албетте, Садырдын мындай активдүүлүгү коррупцияга белчесинен батып алган ошол кездеги кээ бир бийлик төбөлдөрүнө жакпады. Анын атын жамандап, элге жек көрсөтүү кампаниясы кеңири жайылды. Бирок, бул жигит өжөр экен, мокобостон кайра курчуду.
-Садыр Жапаровдун Кумтөрдөн башка да кандай эмгектери бар?
-Албетте бар. Мен Садыр иним менен 2010-жылы ЖКнын 5-чи чакырылышына депутат болуп келгенибизде жакындан таанышып калдым. Биринчи эле анын чечкиндүү кайраттуулугун, терең билимдүүлүгүн жана адамгерчиликтүү сапаттарын байкадым. Ичим жылып жүрдү. Парламентке чейин эле 2010-жылдагы каргашалуу Ош — Жалал-Абад окуяларындагы Садырдын Түштүккө барып, достору Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиевдер менен элдин тынчтыгы үчүн жасаган албан эмгектерин уккамын, көргөмүн. Баа бергемин. Депутат болор замат, профилдик Комитетти жетектеп, өлкөбүздүн сот реформасына шымаланып киришти. Ошол кездеги бийликтин кумарына жаңыдан матырыла баштаган атамбаевдик режимдин кээ бир жасоолдоруна чечкиндүү каршы туруп, көптөгөн пайдалуу иштерди аткарууга жетишти. Албетте, өзүнө каршы бир топ эле душмандарды ашырып алды. Бирок, мунун баарын Садыр инибиз элим, жерим деп жасады да! Анан «Кумтөр» эпопеясы башталды. Бул иш Садырдын тагдырына кескин бурулуштарды жасап койду!
— Садыр Жапаров башында турган көз карандысыз комиссиянын корутундусу жана позициясы неге колдоо тапкан жок?
— Эсиңиздерде болсо: «Кумтөрдүн 1997-жылдан бери өндүрүп келген алтындары өлкөбүзгө эмне үчүн жарыбаган эле киреше берип жатат? Эмне үчүн чет элдик жеке менчик компания каалагандай сайрандап иштеп жүрөт? Эбегейсиз экологиялык зыяндарга ким жооп берет?»- деген суроолор коюлуп жатпадыбы. Ал кездеги расмий бийликтегилер элдин кызыкчылыгын көздөбөй, көшөөкөрлүк менен канадалыктарды жактап туруп алышкан. Ушул адепсиздикти биринчи жолу ашкерелеп чыккандардын сап башында Садыр турду. ЖК түзгөн Убактылуу комиссияны башкарып, компромиссиз ишмердүулүктү жүргүзүп туруп алды. Ошол эле депутаттрдын ичинен канчасы сатылып кетишти. Тигилерге жүгүнүп, жүгүрүп жүрүштү. Садырдын: «Кумтөрду улутташтырууга болбойт, аны денонсация гана кылышыбыз керек! Түшүнсөңөрчү! Андагы байлыктын баары кыргыз элиники, канадалыктардын бир тыйынчалык активдери жок. Биздин кенди күрөөгө коюп, ири кредиттерди алып гана иштеп жүрүшөт!» — деген сөздөрү менин кулагымда дагы эле жаңырып турат. Туура позиция болчу. Тилекке каршы, ЖК аны колдободу. Кийин Өкмөттүн дагы бир комиссиясын түзө салышып, күм-жам кылышты. Анан саясий куугунтуктар башталып, биринчи кезекте Садыр менен Камчы инилерибиз жабыр тартышты.
-Неге бийлик алмашса деле аны эркиндикке чыгаруу кечеңдеп жатат?
-Садыр Жапаровду мурдагы бийлик эле саясий мотив менен камап салбадыбы. Ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернаторун барымтага алган ишти уюштурган дегени жөн гана шылтоо болду. Анын үстүнө ал жабырлануучу деле Садырга дооматы жок экенин билдирип сот ишине катышып жүрдү го? Натыйжада, 11,5 жылга кесилип азапкты тартып отуруп калды. Буга биринчи кезекте, ошол чакырылыштын депутаттары дагы күнөөлүбүз! Элдин кен байлыгы ит бекер таланып жатса дагы чечкиндүү аракеттерди жасап, Садырды түрмөдөн алып кала албадык. Жүүнү боштук кылып, былжырап туруп алдык. Жыйынтыгы азыркыдай жагдай менен коштолду.
-Соттор, бийликтегилер неге Садыр Жапаровго келгенде карамүртөздүк кылып жатышат?
-Мына 2017-жылы бийлик алмашты. Кудайга шүгүр, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш жарыя болду. Мурда деги эле адам түшүнө кирбеген тергөө жана сот иштери башталып кетти. Өтө жогорку кээ бир бийлик ээлерине күнөөлөр коюлуп, алды узак жылдарга кесиле башташты. Бирок, Садыр Жапаровдун эле багы ачылбай туруп алды. Эмне үчүн? Кимдин куйругун басты? Жоопту деле алыстан издеп, татаалдаштырыштын кереги жок. Ал баягы эле атың өчкүр алтын! Акаев-Бакиевдин тушунда калыптанып кеткен Центерранын кызыкчылыгын кандай жол менен болсо дагы сактап калуу. Бюджетке бир кочуш берип, саткын чиновниктерге эки кочуш ыйгарып, анан, калганын канадалыктар күрөктөп эле ташып кетүү далаалаты . Мен деле баардык акыл-эси жайында адамдардай ушундай эле түшүнөм. Садыр алардын чекелерине чыккан чыйкан болду да! Болбосо эмне ушул күнгө чейин кармап турушат? Ал ортодо Садырдын эмне деген үй-бүлөлүк трагедиялары орун алды. Атасы, апасы күйүттөн жүрүп каза болушту. Чырактай жанып, өсүп келе жаткан уулу Дастан кырсыктан каза тапты. Мындай азап башка түшкөндө ким дагы болсо, Садырга колун сунуп жардамга баруусу керек эле го! Бирок, азыр такыр эле муз болуп туруп алышты. Демек, себеби бар да!
А чынында Садыр Жапаров өзүнүн кажыбас кайраттуу инсан экенин эл билип калды. Ошондуктан жапырт колдоп турушат. Анын»Саясатка аралашкан 10 жыл» аттуу документалдык баяны эл ичинде катуу резонанс жаратты. Садыр дагы бир жолу өзүнүн мекенчил экендигин көрсөтүп көптөгөн осол иштерди ачыктап койду го? Мисалы, 2005-жылда өткөн эң ыпылас парламенттик шайлоо оюндары, ошол эле жылдагы революция, Бакиев менен Атамбаевдердин бейчеки иштери, Апрель окуясы, «Ата-Журттун» ичиндеги интригалар, ошол кездеги бийликтин Ош окуясындагы тиешелери, Туркияга жашыруун кеткен 3 тонна алтын, «Чынгызхан» операциясы, Кумтөр, Мегаком, Юпигейт оюндары, анан, эң башкысы — соттогу алешемдиктер! Анан Жапаровдун артынан тушүп алышты, да!
-Эртең болчу митингде Садыр Жапаровду эркиндикке чыгаруу, мунапыс берүү маселеси көтөрүлөрү турган иш. Бирок, жогору жак элдин өтүнүчүн эске алабы?
— Жапаров түрмөдө жатып Президентке мунапыс сурап арыз жазды. Бул анын Конституциялык укугу. Моралдык-психологиялык жактан басынса дагы кайыл болуп, ушул кадамга барды. Менин оюмча Президент бул маселени шарт эле чечип берүүсү керек. Садырдын тагдыры элдин көпчүлүгүнүн тагдыры менен тыгыз байланыштуу болуп калды. Анткени оор экономикалык абал чыңалууда. Ошондуктан жакында Садырга мунапыс берүүнү суранган тынчтык митингин өткөрүү ниеттерин дагы билдирип жатышат. Ал жерде бир гана сураныч коюлмакчы: «Садыр Жапаровго мунапыс берүү»! Эмки кадам президентте. Жаңы жылдын астында элдин патриот уулуна боштондук ыйгарып, элине бала-чакасына кошуп берүү менен Президент карапайым калктын ыраазычылыгына гана ээ болот эле!
Булак: Майдан