Домой Саясат Каныбек Иманалиев «Эркин-Тоонун» таш талканын чыгарды…

Каныбек Иманалиев «Эркин-Тоонун» таш талканын чыгарды…

341

Каныбек Иманалиевге таандык делген «Эркин-Тоо» басмаканасы бузулуп, ордуна элиталык үй салынмай болду. Бул басмакананы Иманалиев убагында арамзаалык менен менчиктештирип алган. Башкача айтканда, «Эркин-Тоо» басмаканасын жеке менчикке сатуу жарыясын «Учкун» басмаканасында басылуучу «Эркин-Тоо» гезитине берет. Каныбек Иманалиев «Учкун» басмаканасынын директору болуп туруп ал жарыяны «Эркин-Тоо» гезитинин бир гана экземплярына бастырып, калган миңдеген экземплярларына бастырбайт. Андан сырткары өзүнүн жеке менчик «РиФ» гезитинин 1 эле экземплярына да ал жарыяны бастырып, ал 2 экземпляр гезитти Мамлекеттик мүлк комитетине берет.

Ошентип эч кимге билгизбей, туйдурбай менчикке чыгарып алган. Бул тарыхый имаратты Садык Шер маданият министри болуп турганда, ал аркылуу тарыхый имарат статусун жокко чыгаруу сунушун ошол кездеги өкмөт башчысы Темир Сариевге бердирип, ага келиштире токтом токутуп Каныбек мырза максатына жеткен. Эми аны 8 миллион долларга сатып кийинки шайлоого акчасын камдап, «мен депутат болбогондо ким депутат» деп мантайып отурган чагы.

Булак: «Фабула»