Домой Ден-соолук Каны I топтогулар узак жашашат

Каны I топтогулар узак жашашат

229

Окумуштуулар кайсы топко кирген кандын ээлери узак жашоого шансы бар экенин аныкташты. Изилдөөлөрдүн тыянагына жараша, антителалардын, эритроциттердин жана антигендердин өзгөчө тобу олутту ооруларсыз узак карылыкты баштан өткөрүүгө жардам берээри аныкталган. Бул тууралуу MSN билдирген, деп жазды 24.kg маалымат агенттиги.

Врачтар, ден соолугу башкаларга салыштырмалуу алда канча мыкты деп, каны биринчи топко киргендерди эсептешет. Каны бул топко кирген адамдар жугуштуу оорулардан, стресстерден мыкты корголгон, ошондой эле алардын мээси көптөгөн жылдар боюу активдүүлгүн жоготпойт.

Каны экинчи топко киргендер нерв системасынын ооруларына, суук тийүүгө, сезгенүүгө жана кант диабетине өтө жакын болушат.

Каны үчүнчү топко киргендер — онкологиялык ооруларга чалдыгуу тобокелчилиги чоң болуп саналышат. Алар ангина жана отиттер менен көп жабырланышат.

Жүрөк оорулары, жугуштуу илдеттер өтө сейрек кездешчү топко – каны төртүнчүгө киргендерге мүнөздүү.