Домой Пайдалуу кеңеш Канткенде каражатыбыз көбөйөт?

Канткенде каражатыбыз көбөйөт?

92

копилка

Кризис маалында үнөмдүү жашоо керек деп ойлосок да, баары бир эле буга эркибиз кээде жетсе, кээде жетпей, ал жетпейт, бул жетпейт деп наалып калабыз. Эч кимден карыз болбой, тапканыңды баарына жеткирип жашоо үчүн эмне кылуу керек – төмөндө кеп ушу тууралуу болмокчу.

* Үй-бүлөнүн киреше менен чыгашасын жазып туруучу атайын дептер ачыш керек.
* Майда жана керексиз чыгымдарды токтот.
* Насыя алба.
* Келечектеги кирешеге үмүт артпа.
* Кирешенин кошумча булагын тап.
* Кичинекей акчасы бар жумуштан баш тартпа.
* Банкта азыраак суммада болсо да топтолмо салым ачуу керек.
* Өзүң жасай ала турган жумуштарды акча төлөп башкага жасатпа.
* Каражатыңа карап жаша.
* Тобокели чоң иштерге аралашпа.
* Кызматтык жактан өсүүнү ойлон жана башта.
* Чыдамкай бол. Кирешенин келиши – убакытты талап кылат.
* Акчага урматтоо менен мамиле жаса.
* Каражатты талап кылган зыяндуу адаттардан баш тарт.
* Каражатыңды керектүү жана сапаттуу буюмдарга жумша.
* Сараң эки жолу төлөйт дегенди дайым эсиңде тут.
* Маанисиз белектерди тартуулагандан кач.
* Сырттан келүүчү каражатка үмүт артпа.
* Финансы генийлери тууралуу адабияттарды окуп-изилде.
* Сенден тың жашаган адамдардын кеңешин ук.
* Ойлонулбаган сатып алууларды жасаба.
* Ашыкча каражатыңды маанисиз көңүл ачууларга короткуча, ата-энеңе бер.
* Денеңди чыңда, физикалык жактан күчтүү бол.
* Жаныңда ашыкча акча алып жүрбө.
* Товар алып жатканда соодалаша бил.
* Карызга бербе жана карыз болбо.
* Бир тыйын – миллиондун негизи.
* Ар дайым каражат салып турууну талап кылган буюмдардан арыл.
* Бир дүкөндөн буюм алып жатып ушул эле буюм кошуна дүкөндө кыйла арзан турарын эсиңе тут.
* Дүңүнөн сатып алуу дайым арзанга түшөт.
* Акчаң аз болсо да аны санап тур.
* Башкалардын акчасын санаба.