Ойлоп табуучу, ишкер, миллионер Генри Форддун кеңештери:
1) Эгерде акча сиз үчүн көз карандысыздыкка болгон үмүтүңүз болсо, анда сиз эч качан көз карандысыз болбойсуз. Адамга бул дүйнөдө – анын билиминин, тажрыйбасынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн запасы гана кепил боло алат.
2) Ийгиликтин жана байлыктын сыры – башка адамдарды да, өзүңдү да жакшы түшүнө билүү. Адам ар бир ишти өзүнүн жана башкалардын көзү менен кароону үйрөнүшү керек. Ар кандай көз караштар – бир туура көз карашты берет.
3) Кары адамдар бизге акчаны үнөмдөгүлө, акчаны каткыла деп кеңеш беришет . Бул абдан жаман кеңеш жана аны угууга арзыбайт. Бардык акчаны өзүңүздүн өнүгүшүңүзгө жумшаңыз.
Ишкер, миллиардер Уоррен Баффеттин кеңеши:
- ) Эгер базар 10 жылга жабылып калса, ошол 10 жыл бою кайсы буюмду ырахаттанып колдонот элеңиз? Ошону гана сатып алыңыз.
2) Жакшы жумуш издегендин ордуна сизге жакпаган жана сизди өстүрбөгөн жумушта отура берүү – “пенсияга чыгып үйлөнөм” дегенге барабар.
3) Эгер тандоо мүмкүнчүлүгүңүз болсо, “ооба” эмес, “жок” деп айтуу алда канча маанилүү.
Жазуучу, ишкер, миллионер Роберт Кийосакиден кеңештер:
1) Биринчиден, бааны эмес, баалуулуктарды караш керек.
2) Эгерде сиз өзүңүздү бай деп көрө албасаңыз, анда эч качан байый албайсыз.
3) “Мүмкүн эмес” деген сөз сиздин шаабайыңызды суутса, “Мен муну кантип жасай алам?” деген суроо мээңизди 2 эсе жакшы иштетип баштайт.
4) Акчаны топтоп, басып жата берүү кедей же орто жашаган адамга жакшы кеңеш. Байлык куруу үчүн, бул жаман кеңеш.
5) Татаал нерселерди жеңилдеткенди билүү – байлыктын биринчи ачкычы. Себеби, бизнестин максаты – жашоону татаалдаштыруу эмес, жөнөкөйлөтүү. Ал эми жашоону мүмкүн болушунча жеңилдеткен бизнес – эң көп акча табууга мүмкүнчүлүк берет.
6) Эң баалуу байлык – убакыт. Көпчүлүк адамдар аны туура колдоно алышпайт. Алар байларды байытуу үчүн талыкпай эмгектенишет, бирок, өзүлөрү байыш үчүн мээнет кылгандан качышат.
Жазуучу, ишкер, миллионер Бодо Шеферден кеңештер:
1) Байлык сиз тапкан акча менен эмес, сизде топтолгон акча менен эсептелет.
2) Бактылуу болуунун эки жолу бар: муктаждыктарыңды чектөө, мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү. Акылдуу адам экөөнү тең аткарат.
3) Акча аны пайдалана билгендерде гана калат.
4) “Аракет кылып көрөм…” эмес “Жасайм!”-деш керек. “Аракет кылам” дегендер, ийгиликсиздикке даяр. Жөн гана аракет – бул ийгиликсиздигиңизди алдын-ала актоо, аларды алдын-ала кечирүү. Эч аракет жок. Же сен бир нерсе кыласың, же кылбайсың.
5) Канчалык көп машыксаң, ошончолук көп ийгиликке жетесиң.
6) Өзүнө ишенбеген адам эч нерсе кылбайт, анын эч нерсеси жок жана ал эч нерсе эмес.
Миллиардер Марк Кюбанын кеңештери:
1) Жеке чыгымдарыңызга акчаны үнөмдөө жакшы. Акылдуу кардар болуу – бул бай болууга биринчи кадам.
2) Кантип жашаганың маанилүү эмес. Кайсы машинаны айдаганың маанилүү эмес. Сиздин кандай кийингениңиз эч кандай мааниге ээ эмес. Акча жөнүндө көбүрөөк ойлонгон сайын, алдыга койгон максаттарга жетүү кыйыныраак болот. Канчалык арзан жашасаңыз, ошончолук көп мүмкүнчүлүктөр бар.
3) Кеп акча же байланыштарда эмес. Кеп башкаларга караганда жакшыраак иштеп, көп нерсени билүүгө даярсызбы? Эгер колуңуздан келбей калса, анда андан сабак алып, кийинки жолу жакшы иштейсизби? Кеп мына ушунда.
“Старбакс” кофейня түйүндөрүн негиздөөчүсү, ишкер Ховард Шульцтун кеңештери:
1) Кичинекей нерсени кыялдануу менен чоң нерсеге эч качан жетише албайсыз.
2) Эгер сиз эч качан мүмкүнчүлүк таппадым десеңиз, анда сиз мүмкүнчүлүктү колдонгон эмессиз.
3) Күтпөгөн жерден ийгиликсиздик келип калышы мүмкүн, ийгилик аны пландап жаткандарга гана келет.
4) Чоң жетишкендиктер кокусунан эмес.
“Сиздин кошунаңыз миллионер” китебинин авторлору Томас Стэнли, Уильям Данконун кеңештери:
1) Байлык менен киреше ар башка нерсе. Эгерде сиз көп тапсаңыз жана ошол эле учурда алганыңыздын бардыгын сарптасаңыз, анда сиз байып жаткан жоксуз, жөн гана кенен-чонон жашап жатасыз. Байлык – бул сен сарптаган эмес, топтогон нерсе.
2) Байларды кандай үч сөз менен сүрөттөөгө болот? Сарамжалдуулук, сарамжалдуулук жана дагы сарамжалдуулук.
Булак: Барс.Медиа