Домой Саясат Кандын башын кан жейби? Ушундай беле пешене?

Кандын башын кан жейби? Ушундай беле пешене?

92

Кыргызстандын мурунку эмес отуз жыл аралыгындагы тарыхына көңүл бурсак анчалык алымсынбай кетесиң. Анткени эгемендикке жеткенбиз, кыйратканбыз, ойротконбуз деген үч он жылдыкта адамды кыжаалат кылган жагдайлар толтура. Башынан кирсек сөз мындай. Демократиянын шарданы менен президенттик тактыга отурган академик Аскар Акаев башында элге жакшы көрүнгөнү менен жети жылдан кийин тизгинин башкаларга алдырып жиберип акырында осол болду. Терең үңүлүп байыр салсак ал кеткенден кийин 2005-жылы ажолук камчы кимдин колуна тийди? Кезинде өкмөт башчы болуп иштеген Курманбек Бакиев келбеди беле качкан кишинин ордуна? Төңкөрүштүн желаргысы аркылуу баш прокурор болгон Азимбек Бекназаров архивди казып жатып Аксы окуясынын чордонунда ошол Курманбек төбөл турганын айтып чыкканы эсибизден чыга элек. Көрсө “Тайфунду” көбүртүп, жабырткан ошол өкмөт башчы болуптур да.

Кырдаалдын курчуп кеткен учурун туура пайдаланып, Үсөн Сыдыков, Топчубек Тургуналиев, Роза Отунбаева, Ишенгүл Болжурова, Нур уулу Досбол сыяктуулардын шарапаты менен тактыга отуруп калганын жамы журт билет. Тилекке каршы өзү жакшы киши болгону менен үкөлөрү, уулдары, тегеректегендер мамлекеттин түбүнө жетерде 2010-жылдын апрелинде үй-бүлөөлүк бийликти кууп чыгышты. Минскиден орун алганы менен анын камчысын чапкандардын жоон тобу дале болсо жергебиздин майлуу, сүттүү жерлеринде күн чубактап жай алган кези десек өөн учурабастыр? Анын мезгилинде Алмазбек Атамбаев да премьер-министрлик кызматтын даамын татып калган. Жакында эле алыста көз талытып оокатын кылып жаткан Курманбек Бакиев 70 жаш мааракесин белгиледи. Ал юбилейге кыргызстандагы үзөңгүлөштөрү, санаалаштары, ырчылар, чоорчулар барып кызуу куттуктап келишти.

Апрель ыңкылабынын деми менен чала-була бийликтин башына Роза Отунбаева келди. Ошол убакта өкмөт башчылыкты А. Атамбаев аткарып турду. Бир жарым жылдан кийин жалпы элдик шайлоодо атаандаштарын чаңында калтырып, Атамбаев ажолукту басып жыгылды. Алты жылдык өмүрүн элине арнаган мурдагы журт башчынын “кызыл желегин” ал өзү тандаган президенти өйдө көтөрмөк тургай желкесинен ныгыра басып жоготууга кам көрдү. Ушундан улам “Кандын башын кан жейт”-деген макалдын чындыгына ынанууга туура келет. Бүгүнкү күндө батылдыгы, жүрөктүүлүгү аркылуу элдин урматтоосуна алынган киши жалгыз камерада күн өткөрүп жатат. Эки күн мурда ал пайгамбар жашына келип, көп куттуктоолордун ээсине айланды. Баары бир аны кадырлагандар куруп калбаптыр, тескерисинче көбөйүптүр. Тепкичтерден ылдам секиртип, өкмөт башчылыкка жеткирген кишиси эми анын бар экенине чамасы жетпей бийликтин мунарасында отурат.

Ушундай беле пешене дегенге ушинтип жооп берип коюуну ылайык таптык. Бул деген отуз жылды камтыган тарых десек болот. Тигил эки кишиден Алмазбек Атамбаевдин айырмасы мөөнөтүндө кызматын тапшырып, өлкөдөн качып кетпегенинде экенин баса белгилеп кетели. Эгерде ал кааласа каерден болсо деле баш калкалоого мүмкүнчүлүгү жетмек. Кашайып, ал көшөрүп кетпей койгонуна жандары чыгып, акыры бийлик ушул жолду тандаганы алаканга салгандай көрүнүп турбайбы. Маңдайга эмне жазылса ошого моюн сунбаска арга жок экенин туйуп деле калдык окшойт. Ошентип, эгемендик алгандан бери эки президентибиз качкынга айланса, накта легитимдүү деп саналган мурдагы ажобуз учурда камакта өмүрүн кечирип жатат. Азыркынын тагдыры кандай болорун мезгили келгенде байкоого алабыз.

Булак: “Ачык сөз”