Домой Саясат Канат Сагынбаев: Алмазбек Атамбаевди күч колдонуп жок кылууга бийлик кызыкдар экенине көзүм...

Канат Сагынбаев: Алмазбек Атамбаевди күч колдонуп жок кылууга бийлик кызыкдар экенине көзүм жетти

178

Мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев билдирүү жасады. Билдирүүнү КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Кой-Таштагы түшүнүксүз кылмыштуу аракеттеринен кийин Алмазбек Атамбаевди күч колдонуп жок кылууга бийлик кызыкдар экенине көзүм жетти. Карантин учурунда бардык иштер токтотулганына карабай, бир гана Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумдары өтүп жатты. Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начар экенин билип туруп, сот отурумдарына атайылап алып келип жатышты. Мен ооруп, коронавирустун белгилери бар экенин айтып, судьяга кайрылып чара көрүүнү сурансам, айыптоочу тарап Алмазбек Атамбаевди менин жаныма отургузууга сунуш киргизип калды. Судья Марат Сыдыков карантиндеги талаптарды аткаруунун ордуна айыптоочу тараптын сунушун канааттандырып койду. Алмазбек Атамбаевге вирус жугуп калышына бийлик кызыкдар экени ошондо эле билинип калган. Азыр жоопкерчиликтен качып, жактоочу Замир Жоошевге түртө салдыңар. «Альфаны» бүт дүйнөгө уят кылдыңар!», — деген ал билдирүүсүндө.