Домой Саясат Канат Исаев жоопкерчиликке тартылабы?

Канат Исаев жоопкерчиликке тартылабы?

79

   

1033325620

 

order promethazine codeine from canada. Буга чейин учурдагы ЖКдагы “Кыргызстан” фракциясынын депутаты, Токмок шаарынын мурдагы мэри Канат Исаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (“Коррупция”) боюнча кылмыш иши козголгон болчу. Кылмыш иши козголору менен айрымдар муну да «саясый заказ» катары баалап жиберишкен. Андыктан анын канчалык деңгээлде мыйзамдуу экендигин аныктоо максатында депутаттык комиссия түзүлгөн эле. Учурда аталган комиссия өз ишин жыйынтыктап, Канат Кедейкановичке карата козголгон кылмыш ишин мыйзамдуу деп тапканы маалым болду. Бул тууралуу 29-июнда парламент жыйынында комиссиянын төрагасы, «РеспубликаАта Журт» фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, чогултулган материалга ылайык, Канат Исаев Токмок шаарынын мэри кезинде жана мэриядагы бир катар жооптуу кызматкерлер муниципиалдык менчикти сатып, мамлекетке зыян келтирген. Демек, мындай жыйынтыкка депутаттык комиссия жөн салды эле келе калбаса керек. Алар болгон окуянын баардыгын ийне-жибине чейин иликтеп чыгып, анан гана ушундай жыйынтык чыгарып атышканы белгилүү эле болуп турат. Андыктан биз Канат Исаевге карата козголгон кылмыш ишинин чоо-жайын дагы бир ирет коомчулуктун эсине салып кеткибиз келди.

Коррупциялык схеманын башталышы – ишенимдүү кадрларды топтоодон башталган

Канат мырза канкор Курманбек Бакиевдин доорунда, 2008-жылдын сентябрь айында Токмок шаарынын мэри болуп шайланат. Ал бул кызматка бараары менен эле мэриянын жетекчилик кызматтарына өзүнүн тууган-туушкандарын жана мурда башка мекемелерде чогуу иштешкен ишенимдүү адамдарын алып бара баштайт. Адегенде эле 2008-жылдын 3-ноябрында Токмок шаарынын биринчи вице-мэрлик кызматына Болот Имамадиевди дайындайт. Андан эки жарым ай өткөрүп, 2009-жылдын 17-январында тууганы Султан Бекташевди «Токмок Инвест Групп» муниципалдык ишканасына башкы директор кылып алып келет. Дагы төрт ай өткөрүп май айында шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчылыгына Мирлан Эсенбековду дайындайт. Бул аттары аталгандардын баардыгы Канат мырзанын сөзүн эки кылбаган жакын санаалаштары болуп эсептелген.

Ошентип өзүнө ишенимдүү адамдарды ылайыктуу кызматтарга дайындап алган соң, алар менен бюджеттик каражаттарды өздөрүнүн чөнтөгүнө буруу үчүн аффилиацияланган фирманы түзүп, атайын финансылык операцияларды ишке ашыра башташат.

Коррупциялык схеманын биринчи кадамы

2009-жылдын февралында Канат Исаев өзүнүн биринчи орун басары Б. Имамадиев,Муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги М. Эсенбеков жана “Азия Строй Сапат” ЖЧКсынын директору Б. Асыгалиев болуп өз алдыларынча сүйлөшүп, Токмокто муниципалдык автостанция курууну чечишет. Албетте, пландары жакшы го, бирок ошонун артында өздөрүнүн кызыкчылыгы оркоюп көрүнүп калганы кызык болуп атпайбы. Бул автостанциянын сметалык баасы 2 126 008 сом болуп түзүлөт. Анан тендер өткөрүшөт. Тендердик комиссия Б. Имамадиев төрагалык кылат. Тендер жарыялангандан кийин “Азия Строй Сапат” ЖЧКсынын директору Б. Асыгалиев тендердик документтерди кечиктирилген мөөнөттө даярдаса да тендерге катышкан. Анын үстүнө аталган ЖЧК автостанцияны курууга квалификациялык талаптарга жооп бере турган талаптарга да ээ болгон эмес.

Ушул эле тендерге “УСМ -4” ААКсы да катышкан. Бул ААКнын курулуш иштеринде көп жылдык тажрыйбасы жана атайын техникалары болгонуна карабастан, Б. Имамадиевдин жекече салымы менен “Азия Строй Сапат” ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган. Баса ушул жерден кошумчалай кетүүчү жагдай “Азия Строй Сапат” ЖЧКсынын директору Асыгалиев тендердик документтерди кечиктирилген мөөнөттө даярдагандыктан, анын Токмок шаарынын мэриясынын имаратынын кызматтык документтерине кирүүсүнө Б. Имамадиев жол ачып берген. Анан Б. Асыгалиев “Азия Строй Сапат” ЖЧКсынын мөөр басылган тендердик документациясын ачып, ага жетишпеген документтерди салган. Бул да өзүнчө чоң мыйзам бузуу болуп саналат.

Андан кийин Б. Имамадиев кызматтык абалынан пайдаланып, автостанциянын курулушу үчүн территорияны даярдоого жер иштерин жүргүзүү боюнча дагы кошумча 1,5 млн сомдук келишим түзөт. Андан соң Б. Асыгалиев КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252 токтомун одоно бузуу менен, ГАСУга долбоордук-сметалык ишинин архитектуралык-пландоодогу шартын көрсөтпөстөн жана автостанцияны курууга уруксат албай туруп курулушту баштаган. Ал эми Б. Имамадиев Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги М. Эсенбековго оозеки түрүндө көрсөтмө берүү менен “Азия Строй Сапат” ЖЧКсынын эсептик счетуна аткарылган иштердин актылары жок эле акча каражаттарын которуп жиберет.

Ал эми шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы М. Эсенбеков “Бурана-Строй” ЖЧКсы менен автостанциянын диспетчердик пунктун курууга деп 479 000 сомдук жана Мамбетовдун жеке ишканасы менен автостанциянын жүргүнчүлөр перронун жана коомдук даараткананы курууга деп 269 440 сомдук келишим түзөт. Мунун өзү “Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу” мыйзамды одоно бузуу болуп саналат. Эмне себептен мына ушул эки компания менен М.Эсенбеков келишим түзгөн деп ойлойсуз? Себеби ал экөө тең Б. Асыгалиевдин жеке көзөмөлүндөгү компаниялар болгон.

Мына ушулардын баардыгын эң сонун билип турса да ошол кездеги Токмок мэри Канат Исаев көрсөтөлгөн суммадагы акча каражаттарын аттары аталган компанияларга которуп берген. Ток этерин айткнада соттук-курулуш экспертизасы 2012-жылдын 11-октябрында аталган автостанцияны курууда көбөйтөлөп көрсөтөлгөн каражаттын суммасы 697 160 сом болгонун эсептеп чыккан.

Жана башка мамлекетке келтирген зыяндары…

Кепти көп узарта бербей ток этер жерлерин гана айталы. К. Исаев Токмок мэри болуп турган кезинде «Ак-Була» АКсынын муниципалдык жатаканасынын имаратын мыйзамсыз сатуу аркылуу (баягы эле Б. Асыгалиевге) 2 447 500 сом мамлекетке зыян алып келген. Тактап айтсак, 2009-жылдын 13-июлунда мэр Канат Исаев “Муниципалдык менчик боюнча” мыйзамдын 12-беренесинин 3-бөлүгүн бузуу менен Токмок шаардык кеңешинин макулдугу жок эле жатакананы Б. Асыгалиевдин жеке менчигине 2 857 500 сомго түз сатуу токтомун чыгарат. Ал эми Соттук-курулуш экспертизасынын 2012-жылдын 4-сентябрында чыгарган тыянагы боюнча бул жатакананын базар баасы 5 335 000 сомду түзгөн.

Мындан сырткары К. Исаевге карата “Торговый Центр Токмок” ЖАКсынын менчигине 3577 чарчы метр аянттагы жер тилкесин мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш ишине ылайык К. Исаевдин мыйзамсыз иш-аракети мамлекетке 16 096 500 сом зыян алып келгендиги билинген.

Канат Кедейкановичтин арааны ачылып, акыры Токмок шаарынын китепканасын Кенжекараев аттуу жаранга 572 116 сомго сатуу боюнча токтомун чыгарган. Негизи Кыргыз Республикасынын “Маданият боюнча” мыйзамына ылайык, маданий обьектилер менчиктештирилбеши керек. Ошондой эле “Китепкана иши боюнча” мыйзамында китепканаларды менчиктештирүүгө да тыюу салынган. Бирок, Исаев мунун баарын этибарына алган эмес. Ал үчүн өзүнүн кызыкчылыгындагы гана “мыйзам” иштеген. Соттук-курулуш экспертизасынын чыгарган тыянагына таянсак ал китепкананын имараты 2009-жылдын декабрь айына карата болжол менен 936 624 сомду түзүп турган. Демек, эки эсеге жакын арзан баада сатылган болуп атабы? Бирок, бул иш боюнча дело Чүй облустук прокуратурасынын архивинен табышмактуу жол менен жоголуп кеткенин да эске сала кетели. Эмнеге, кимдин кызыкчылыгында жоголушу мүмкүн?

Мына ушундай, окурманым. Эми тийиштүү органдар акыйкат иликтеп, мыйзам чегинде баа бериши зарыл. Мындай шартта Канат Исаев “жегенин кусуп”, темир тор артында отуруп калбайбы?